|
|
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384
Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
ЭКСПОРТТО ТИРҮҮ ТОВАР ЖЕ УЧУРДАГЫ КУЛЧУЛУК№514 7-13-сентябрь, 2012-ж Кыргызстандагы жумушсуздук калкты бөтөн жерден жумуш издөөгө мажбур кылып, жыл сайын миңдеген кыргызстандыктар иш издеп чет өлкөлөргө кетишүүдө. Жумуш издөөдө алардын кандай кыйынчылыктарды көрөрү бир гана өздөрүнө жана Кудайга белгилүү. Алардын арасында алдамчылардын колуна түшүп, зомбулукка туш болуп, каза болуп же дайынсыз жоголуп кеткендери да арбын. КУЛЧУЛУКТУ ДАЛИЛДӨӨ ООР «КЕКИРТЕГИМЕ БЫЧАК ТАКАП КОРКУТУШТУ»
– Ушул жылдын январь айында Бишкекте «Стройнекст» деген фирма менен келишим түзүп, 40 киши Краснодар шаарына кеткенбиз. Фирманын Виктор Викторович деген кызматкери бизге «бардык шарттары бар мейманканада жашайсыңар, маянаңар 35 миң рублдан жогору болот» деп ишендирип, келишим түзгөнбүз. Баргандан кийин бизди армян, чечен, дагестандыктарга өткөрүп берди. Алар каттоодон өткөрөбүз деп паспортубузду алып коюп бербей коюшту, алты жигит чырдап жүрүп, акыры паспортторубузду алдык. Мурунтан иштеп жүргөн балдар паспортторун сураштан да коркуп калышыптыр. Алардын колунда 100дөн ашуун кыргыз иштейт экен, 6 ай, 1 жыл, андан көп убакыт иштеп айлыктарын алышкан эмес. Акчасы жок мекенине кете албай жүргөн кош бойлуу келиндер да бар. Кышкы суукта жаңы куюлган бетон үстүнө бир матрас салып жатып 3 ай иштедик. Айлыгыбызды бербей койгондон кийин алты жигит башка жумуш издеп жүрүп түрктөрдүн фирмасына орноштук. Ал жерден алган алгачкы айлыгыбызга кете албай жүргөн кош бойлуу келиндерди Кыргызстанга салдык. Төрт бала Москвага барып иштейбиз деп кетип калышты. «КУЛ САТУУЧУЛАР ЖАЗАЛАНБАЙ ЖАТАТ» «КУЛЧУЛУККА КАБЫЛГАНДАР АЧЫККА ЧЫККЫСЫ КЕЛБЕЙТ» Эгер сиз чет өлкөдө иштөөгө ниеттенсеңиз...
ДҮЙНӨ ЖҮЗҮНДӨ 27 МИЛЛИОН КУЛ БАР Нурбек Абдыкадыров Экспортто тирүү товар же учурдагы кулчулук"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн. Рейтинг:
0
Комментарийлер(2)
Melis-Aruuke
10.09.2012. 22:55
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
окунучтуу
omo93
14.09.2012. 00:55
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
озунуда ошондой кылыш керек акмакты
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
|
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:
| ||