|
|
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384
Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
МАССАЖ –СУЛУУЛУКТУН ЖАНА БАТ АЙЫГУУНУН ЖОЛУ№528 14-20-Декабрь, 2012-ж
Массаж – денеге өзгөчө эргүү тартуулоочу, ар кандай ооруларды дарылоонун эң жөнөкөй жолу. Массажды демейде чоң адамдарга жасашат. Бирок анын наристелер үчүн да мааниси зор. Дени сак адамдар да эс алуу максатында денесин укалатса болот. МАССАЖДЫН ТҮРЛӨРҮ
Дарылоочу массаж – ар кандай ооруларды жана жаракаттарды дарылоодо жасалат. Оорулуунун абалына жараша жалпы денеге же дененин кайсы бир бөлүгүнө жасалышы мүмкүн. Массаждын бул түрү дарылап жаткан дарыгер тарабынан сунушталат. Дарылоочу массаждын негизги бөлүктөрүнүн бири – чекиттик укалоо. Чекит массажынын негизги максаты – чыңалган булчуңдарды бошоңдотуу, ошондой эле адамдын шалдыраган денесин калыбына келтирүү болуп саналат. Нерв чекиттерин укалоо менен дартка тушуккан ички органга таасир берип, адамдын бат айыгуусуна көмөк берет. Гигиеналык массаж – оорунун алдын алуу үчүн колдонуучу массаж түрү. Ал денени калыбына келтирүү, нерв системдери чарчаганда, психикалык стресске кабылганда организмдин ишин жөнгө салуу жана дене сулуулугун сактоо үчүн жасалат. Массаждын бул түрүн адам өзүнө-өзү жасай алат. Спорттук массаж – спортчуларга формасын кармап туруу, булчуңдарын чыңдоо, организмди эс алдыруу үчүн жасалат. Муну атайын спорттук массажды мыкты өздөштүргөн адис жасайт. Мисалы, Олимпиадага же кандайдыр бир спорттук мелдештерге даярдаганда көп күч келген булчуңдарга жасалат. Ал мелдеш алдындагы жана калыптандыруучу болуп экиге бөлүнөт. Мелдешке чейинки максаты – булчуңдарды, нерв системин, дем алуу органдарын алдыдагы оор сыноого даярдоо. Таймаштан кийинкиси болсо, организмди эс алдыруу, алган жаракаттарды калыбына келтирүү максатында жасалат. Косметикалык массаж – дене жана тери сулуулугуна кам көрүү, эрте карып кетүүнүн алдын алуу, ар кандай дене кемчиликтерин оңдоо үчүн жасалат. Косметикалык массажды кол менен да, аппарат менен да жасоого болот. Эротикалык массаж – укалоонун бул түрү медициналык массаждардын катарына кирбейт. Мында негизинен дарылоо эмес, адамды сексуалдык жактан дүүлүктүрүү биринчи орунда турат. Бул үчүн адамды өзгөчө кереметке бөлөөчү ар кандай жыпар жыттуу майлар, шамдар, музыка, анан сексуалдык маанайда жасалгаланган бөлмө болушу шарт. ТАРЫХТА
МАССАЖ ЖАСООДО ЭСКЕ АЛЫНУУЧУ ЖАГДАЙЛАР
МАССАЖ КИМДЕРГЕ СУНУШТАЛБАЙТ?
Макаланы даярдоого салым кошкондугу үчүн «Сулуулук жана ден соолук»клиникасынын дарыгер-косметологу Айнура Бейшеналиевага ыраазычылык билдиребиз. Дамира Арстанова Массаж - бат айыгуунун жолу"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн. Рейтинг:
4
Комментарийлер(9)
Guni
SUPER.KG видео
18.12.2012. 20:31
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Bul baike kaisi jerde ishteit kantip tapsam bolot
bopos
SUPER.KG видео
19.12.2012. 19:31
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
супер инфо,рахмат.коп жанылык жеткирип турганынарга.жакшы кенеш экен.
egemberdievagulbara
20.12.2012. 16:24
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакшы кенеш болду ,рахмат.
TolonturCN
20.12.2012. 19:14
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чиркин, мен укалоотуга көнүп алгамын, кереметтей жыргайт да жан.
Nynysh
22.12.2012. 04:29
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чон рахмат, мен да коп укалатам, мага массаж жаман жагат денем жон эле магдыраймда кенешинер жакты!
kbs-love
22.12.2012. 14:37
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
chon rahmat... men bashka massaj kylgandy uirongum kelip jurdu ele..... kichine bolso dagy bilip kaldym
guard
07.03.2013. 03:22
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
sufia
SUPER.KG видео
27.02.2014. 09:17
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Urmattuu super info suranich ushul baike kaisil jerde ishteit mumkun bolsotelefonun ishtegen jerin bildirip koisonuzdar maga ayabay kerek aldin ala chon rahmat,silerge chon rahmat ayabay adamdarga paidaluunar Allahim irazi bolsun
sufia
27.02.2014. 09:23
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
chon rahmat ayabay paidaluu keneshterddi beresiner Allahim irazi bolsun , ushul baikenin daregin berip koisonuzdar
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
|
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:
| ||