|
|
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384
Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
МЫРЗА,КАМЧЫҢЫЗ ИЛИНҮҮБҮ?№556 28-июнь-04-июль, 2013-ж
«Аялдын шайтандарын «профилактика» кылуу үчүн эркек анда-санда камчынын учун көрсөтүп туруш керек» деп коюшат. Айрым мырзалардын камчылары дайым колунда болсо, кийинки убактарда кээ биринин камчысы аялына өтүп кеткен учурлар да болот. Деги эле өмүрүндө аялына кол көтөрбөгөн эркек кыргыздарда бирин-серин эле болуш керек. Ачык айтылбай, бирок коомубузда көп орун алган аялды токмоктоо темасын бүгүн талкууга алалы деп чечтик. «КЫЗ – КОНОК» ДЕП ЧЕКЕСИНЕ ЧЕРТЧҮ ЭМЕС» «КАМЧЫ КҮЧТҮҮ БОЛСО КАТЫН УЯТТУУ» ДЕГЕНГЕ КОШУЛАСЫЗБЫ? «АЯЛДЫ УРУУ ШАРИЯТТА ЖОК» – Аялды уруу шариятта жок. Башка бир адамдын денесине, ага зомбулук көрсөткөнгө эркектин эч кандай акысы жок. Бирок жашообузда таптакыр эле чийинден чыгып кеткен жорук-жосуну өзгөчө аялдар бар. Аларга кандайдыр бир деңгээлде жаза керек. Эгерде аялы өтө ажаан болсо, күйөөсүнүн сөзүн укпаса, алгач курандан мисал келтирип насаат айтышы керек. «Сен андай бол, мындай бол, мында туура эмес кылдың» деген сыяктуу акыл айтып. Ага да болбосо, анда аялдын төшөгүн бөлүп коюу керек. Төшөгүн бөлүү бул – жуурканын алып туруп башка бөлмөгө кирип кетүү эмес, аялы-күйөөсү чогуу эле жата берет. Бирок эркек катары ага көңүл бурбай, бир аз сыртын салып койгону оң. Буга убакыт мынча болуш керек деген нерсе жок. Анткени ар бир аялдын психологиясы ар кандай, бири бир түндө эле эсине келип калса, экинчиси жайыраак келет, ал эми үчүнчүсү «мага баары бир» деп басып кетиши мүмкүн. Эгерде мындай жазалоо да натыйжа бербесе, анда акырын, денеси көгөрбөгөндөй, эти ачышпагандай силкип-булкуп койгонго уруксат. Аялды көк ала кылып уруп, балдарын үрпөйтүп коркутуу шариятка туура келбейт. Эгерде анда да болбосо, аялдын жана эркектин туугандарын, аксакалдарды ортого салып сүйлөшүү керек. Ошондон кийин да оңолбосо, анда ажырашууга жол берилет. Аял күйөөсү уруп, зомбулук көрсөтсө, анда казыга барып чечишип алганы оң. Кээде, тескерисинче, аял күйөөсүн уруп салган да учурлар болот. Андай учурда күйөөсү аялды багуудан баш тартат. Анын керек-жарагын алып берүү эркектин милдетине кирбей калат. «ТОКМОК ЖЕГЕН АЯЛ ӨЗҮ БУЛ ЖАШООДО КУРМАНДЫКТЫН РОЛУНДА»
Нуржамал Жийдебаева Мырза, камчыңыз илинүүбү?"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн. Рейтинг:
3
|
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:
| |
боорукер болот бирок аялы созсуз каршы чыгат
кобунчосу аял уйду коп ойлойт
Эркектер эски досу жоолугуп калса ал досу бир арак куйсо карап турбай менда сыйлашым керек деп журуп
аялдарга жаман корунуп алышат
Биздин деле эже-карындаштарыбыз бар.мисалы мен каалабайм эжеми бироо урушун.
Тушундуруп айтсак алар деле тушунот,аялзатынын эч качан окунучтон акбасынчы коз жашы.
Ээх...аяп кеттим силерди.
Эркек деген негизи коргош керек аялдарын.