|
|
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384
Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
«ӨЗҮБҮЗ ТӨРӨП, КИНДИГИН ӨЗҮБҮЗ КЕСЕБИЗ». Памирликтер катаал турмушун баяндашат№784 10-16-ноябрь, 2017-ж.
Памирден келгендер Нарын облусунун Нарын районундагы Куланак айылындагы №86 кесиптик лицейге жайгаштырылган. Жаш курагына карата 8-18 жаштагылар жана 18-43 жаштагылар болуп эки топко бөлүнүп окуп жатышат. Кыргыз «Алиппесин» таанытып жаткан мугалим Тумар Токтоева окуучуларынын аракеттери күч экендигин айтты:
– Бир жуманын ичинде муундап окуп калышты. Сөздүн маанилери да кошо үйрөтүлүп жатат. Анткени айрым сөздөрдү башкача айтышат экен. Аракеттери күч, кызыгуу менен окуп жатышат, көп нерсени билгилери келишет. Сандарды билбегендер бар экен, аларга сандарды да үйрөтүп жатабыз, эми адабий окууну да окутабыз.
Памирде балдар 9-класска чейин фарс тилинде билим алышат. 9-класстан кийин билимин Ооганстанга барып улантуу керек. Бирок көпчүлүгүнүн ал жакка барып окууга шарттары жок. Андыктан 11 класстык билимди айрымдар гана алышкан. Кыргыз тамгасын тааныгылары келгени менен, үйрөтө турган мугалим жок болгон. «А тамгасына суусап келдик» дешти алар.
«АЯЛДАР МЕНЕН ЖАШ БАЛДАРДЫН ӨЛҮМҮ КӨП»
«ТИШИБИЗ ООРУСА ПАХТАНЫ ТУЗДУУ СУУГА КАЙНАТЫП БАСАБЫЗ»
Кыргызда жаңы жерге көчкөндө өрүлүктөп келүү деген салтын улай №86 лицейге малын союп өрүлүктөп келген тургундардын аягы сууй элек. Окуудан тышкары айымдардын гигиенасы, тамак жасоо, кийим тигүүнү, эркекетерге турмушка керектүү устачылыктын да үйрөтүлүүсү планда бар. Негизгиси коомго аралашып жашап кетүүлөрү үчүн аракет көрүлүп жатат. Биздеги жашоого суктанып, «биз Кыргызстанда да малыбызды багып жашап кете алабыз» дешүүдө. Кыргызстан мындан ары да өнүгүп, Памирдегилердин баарын алып келсин деген тилектерин айтып бизди узатышты. Балдар эки топко бөлүнүп бир тарап полиция кызматкери, экинчи тарап террористтер болуп бири-бирин аткылап, «Тах-тах» ойношот.
![]()
10 баласы чарчап калган памирлик кыргыз Лаалбүбү: “Балдарыбызды өзүбүз төрөп, киндигин да өзүбүз кесебиз”
Автор: Нуржан Сманова
Оператор: Кайрат Сарбагышов
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн. Рейтинг:
13
|
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:
| |
Лаалбубу-от души ат экен бирок)
Оор жашоо шартта жашап...
Чыныгы кыргыз аял заты