Бир бүркүм... КАРООСУЗ КАЛГАН БАЛДАР КӨБӨЙДҮ...
№440 8-14-апрель, 2011-жыл
- 4-апрелден 14-апрелге чейин апрель окуясында курман болгондорго арналган он күндүгү башталды.
- Орусияда 590 миңге чукул мекендешибиз иштеп жүрүшөт, анын 270 миңи Орусиянын жарандыгын алышкан.
- Апрель, июнь окуялары боюнча депутаттык комиссия апрель айынын ортосунда иликтөөнүн жыйынтыгын жарыялайт.
- Транзиттик борборго май ташуу мыйзам долбоору парламенттен өтсө, бюджетке ай сайын 4-4,5 миллион доллар түшөт.
- Депутаттар “Ош базарынын” аймагындагы соода жайларды ордунда калтыруу боюнча Жогорку Кеңештин токтомун колдоп беришти. Токтомдо базардын айланасындагы иретсиз соода жайларын тартипке келтирүү жагы күчүндө калтырылды.
- Кыргызстанда кароосуз калган балдардын саны 20 миңге жетти.
- Өлкөбүзгө мал ылаңдарына жол бербөө үчүн 4 миңден ашык ветеринар керек.
- “Кыргызстан Бажы союзуна киргенде көп маселе чечилет”,- дейт Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Кубанычбек Кулматов.
- Республика боюнча бир ай ичинде буудайдын килограммы 13,97 сомдон 15,77 сомго чейин көтөрүлгөн.
- Ысык-Көл жана Нарын облустарында 2 миллион сом суммадагы электр энергиясы уурдалган.
- Өлкө боюнча ВИЧ инфекциясын жуктуруп алган 3444 киши катталган. ВИЧ инфекциясынан 467 киши каза болсо, СПИД оорусунан 163 адам көз жумган.
- 6-апрелде Ош облусунун Араван районунда 3 балл, Ош жана Кызыл-Кыя шаарларында 3,5 баллга жеткен жер титирөө болду. Жабыркагандар жана кыйроолор болгон эмес.
- Президент Роза Отунбаева “Кыргызстанда болгон революциялар дүйнө элине феномен болду”,- деп айтты.
- Мамлекет тарабынан 7 облустагы 19 мектепке керектүү эмеректер берилди.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0