Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384
Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
Бир бүркүм... ӨКМӨТ МАРТТЫН АЯГЫНДА ОТЧЁТ БЕРЕТ...
№482 27-январь - 2-февраль, 2012-жыл
- Өкмөт март айынын аяк ченинде аткарган иши боюнча 100 күндүк отчёт берерин өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов билдирди...
- Өлкөнүн түндүгүнө электр жарыгын бөлүштүргөн "Түндүкэлектро" ААКсынын генералдык директору Нурлан Кайдуев жана техникалык директору Кубанычбек Турдубаев кызматынан алынды.
- "Кыргызстандын көптөгөн жолдору көп тонналуу автоунаалар өткөндүктөн, жараксыз абалга келди. Эми жаңы мыйзамга ылайык, буга жол берилбейт",- дейт Кыргыздортранспроект институтунун директору Жамшит Калилов.
- Жакынкы аралыкта азык-түлүк баалары арзандабай турганын Улуттук банктын төрагасы Зина Асанкожоева билдирет.
- ЖКнын депутаты Равшан Жээнбеков "Паспорт жөнүндө" мыйзам долбоорун сунуштап жатат. Ага ылайык, паспорт алууда керектеле турган 13 документтин ордуна 4 документ: жарандыкты тастыктаган документ, арыз, сүрөт жана төлөм жөнүндө квитанция эле талап кылынат.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0