Окумуштуулар Жердин коопсуздугуна олуттуу коркунуч алып келчү техникалык жана экологиялык кырсыктардын түрдүү версияларын жарыялашкан.
Ооба, прогресстин аркасы менен адамзат көптөгөн жетишкендиктерге ээ болду. Бирок жалпыбыздын үйүбүз болгон Жерге көп зыян келүүдө. Азыркы учурда эң негизги глобалдуу көйгөй Жердин экологиялык катастрофасы экенин эч ким талашпастыр. Келечекте Жер планетасын көптөгөн катастрофалар күтүп жатканы тууралуу окумуштуулар божомолдорун айтып, коңгуроо кагышууда (инфографикадан билип алсаңыз болот).
Жыл сайын 22-апрелде дүйнөдө Жер күнү белгиленет. Бул күнү Тынчтык коңгуроосу кагылып, адамзатты Жерде тынчтыкты сактоого, аны коргоого чакырат. Ар кандай экологиялык иш-чаралар өткөрүлөт. Ал экологиялык акциялардын максаты – Жер планетасын сактап калуу. Бүткүл дүйнөлүк "Жапайы жаратылыш" фондусу (WWF) Жер шарындагы табияты сакталып калган 200 экологиялык аймакты бөлүп көрсөткөн. Мына ушул 200 аймактын бири – кыргыз жери! Ал табияттын уюткусу болуп, адам баласын таза суу, таза аба, экологиялык таза тамак-аш менен камсыз кылып келет.
КЫЗЫКТУУ 5 ФАКТ
1) Жер – Күн системиндеги орун алышы боюнча үчүнчү планета, Жер тайпасындагы планеталардын ичинен диаметри жана тыгыздыгы боюнча эң чоңу.
2) Илимий маалыматтар боюнча, Жер болжол менен мындан 4 миллиард жыл мурун түзүлүп, андан кийин өзүнүн жалгыз спутниги – Айга ээ болгон.
3) Жердин 70,8 пайызы суу менен капталса, 29,2 пайызын кургактык ээлейт.
4) Экватор – Жердин борборун кесип өткөн сызык. Анын узундугу болжол менен 40 миң 75 чакырым.
5) Экватордун урматына Эквадор, Экваториалдык Гвинея жана Экваториалдык Африка мамлекеттери аталган.

1)Жер шарында климат мындан дагы жогорку жана томонку даражада болуп келген.Мындан чуу чыгаруунун кажети жок, бир гана климаттын озгоруу циклине карата адам баласы ынгайлашуусу керек.
2) Жер шарындагы климаттын озгоруусу менен коптогон калктуу пунктарда таза сууга болгон муктаждык осот, анын катарына БА олколору дагы кирет, демек келечектеги адам. проблемасы нефти эмес-с