ЖОЛДУ КЕҢЕЙТҮҮ ҮЧҮН ТУРАК ҮЙЛӨР БУЗУЛУУДА
№510 10-август-16-август, 2012-ж
Ош шаарындагы Мажүрүм-Тал жана Пахта көчөлөрүн кеңейтүү үчүн ал жердеги үйлөрдү сүрүп салуу иштери жүрүүдө. Жалпысынан 25 объект бузулат. Алардын 23ү турак үйлөр. Бузулган үй ээлерине материалдык компенсация менен кошо жер тилкелери да бөлүнүп берилген. Материалдык компенсацияны каржылоо жергиликтүү бюджеттен каралат. Шаар бийлиги буга чейин эле Монуев көчөсүн Ак-Буура көчөсүнө чейин улантууну пландаштырганын маалымдаган. Бул иштер шаардагы унаа тыгынын жоюу жана шаардын башкы планын ишке ашыруу максатында жүргүзүлүп жатат.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0