Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын жана «Дордой» клубунун коргоочусу Даниэл Нии Арма Тего кыргыз кызы Элнура Орозбаевага баш кошту. Даниэл Элнураны кыргыздын каада-салты менен ата-энесинин колунан алып кетти. Белгилей кетсек, 29 жаштагы Даниэл Ганадагы жергиликтүү бир уруунун падышасынын уулу. Даниэлге турмушка чыгып ханбийкеге айланган 21 жаштагы Элнура Мамлекеттик каттоо кызматында иштейт. Жаштардын заманбап үйлөнүү тоюнун датасы азырынча белгилене элек. Даниэлдин айтымында, бул тойго анын атасы, падыша Тего өзү келип катышууну каалагандыктан, аны күтүшөт экен.
– Даниэл мырза, куш бооңуздар бек болсун! Айтсаңыз, Элнура менен кантип таанышып калдыңыз эле?
– Элнура экөөбүз социалдык тармак аркылуу таанышып, 2 жыл сүйлөшүп жүрүп баш коштук. Жубайым кичи пейилдиги, жароокерлиги, сулуулугу менен жүрөгүмдү багынтты.
– Кайын журтуңуз сизди кандай кабыл алышты?
– Элнуранын ата-энеси ак көңүл жакшы адамдар экен. Мени жылуу тосуп алышты. Кээ бирөөлөр социалдык тармактар аркылуу «африкалыктан башка жигит жок бекен, кыргыз калбай калыптырбы?» деген негативдүү билдирүүлөрдү калтырып жатышат. Мен эмне, адам эмесминби? Бирөөнүн жеке жашоосуна кийлигишкенге башканын акысы жок. Элнура акылдуу кыз. Өзүнө кандай адам керектигин өзү билет. Экөөбүздү тагдыр, сүйүү бириктирди. Сүйүү улут тандабайт.
– Бири-бириңер менен кайсы тилде сүйлөшөсүңөр?
– Англис, орус тилдеринде. Акырындап кыргыз тилин өздөштүрүүдөмүн. "Кандай?", "атың ким?", "мен сени сүйөм", "жаным" деген сөздөрдү билем (күлүп). Мен Кыргызстандын жаранымын жана өзүмдү кыргызмын деп эсептейм.
– Рахмат, бактылуу болуңуздар!

star@super.kg
Азырынча оозеки эскертүү!
Бактылуу болгула, журогунор эмнени буюрса ошону аткаргыла.
Чынын айтсам аябай тан калдым.