БИР БҮРКҮМ. БОРБОР АЗИЯДАГЫ ЭҢ КЫМБАТ КҮЙҮҮЧҮ МАЙ КЫРГЫЗСТАНДА
№846 18-24-январь, 2019-жыл
-
КАЙРАТ ИМАНАЛИЕВ Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары болуп дайындалды.
-
2018-жылы мамлекеттик мүлктү ижарага берүүдөн бюджетке 158,3 МИЛЛИОН СОМ түшкөн.
-
Улуттук статистика комитетинин төрагасы: "2018-жылы өлкөдөгү орточо айлык акы 15 МИҢ 747 СОМДУ түздү".
-
Америкалык Global Petrol Prices аналитикалык басылмасы: Борбор Азияда КҮЙҮҮЧҮ МАЙ эң кымбат Кыргызстанда сатылат.
-
14-январь күнү Бишкектен Тегеранга учуп чыккан BOEING 707 учагы кырсыкка кабылып, борттогу 16 адамдын көбү мерт болду.
-
Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттиги браконьерлер менен күрөшүү үчүн 2 МИЛЛИОН 280 МИҢ СОМГО 8 учуучу аппарат (дрон) сатып алды.
-
Кыргызстандын АКШ жана Канададагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси КАДЫР ТОКТОГУЛОВ кызматтан бошотулду.
-
Жогорку Кеңештин депутаты ТАЗАБЕК ИКРАМОВ алкоголдук продукцияга "Манас" эпосунун каармандарынын атын ыйгарууга тыюу салууну сунуштады.
-
14-январь күнү президент СООРОНБАЙ ЖЭЭНБЕКОВ Жогорку Кеңештин төрагасы жана фракция лидерлери менен жолугушту.
-
Бишкек шаардык соту мурдагы вице-премьер-министр ДҮЙШӨНБЕК ЗИЛАЛИЕВди 3 жылга шарттуу соттогон Биринчи Май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды.
-
Президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңеш кабыл алган “Кыргыз Республикасынын АБА КОДЕКСИНЕ өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбооруна кол койду.
-
Премьер-министр бир айдан бери бош турган транспорт жана жолдор министри кызматына ЖАНАТ БЕЙШЕНОВдун талапкерлигин сунуштады.
-
Вице-премьер Жеңиш Разаков
ТҮКҮРҮККӨ салынган айып пулдун суммасын 1000 сомго чейин азайтуу каралып жатканын айтты.
Кубан Жумамидинов
politika@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0