Атактуулардан асыл ой
№959 22-28-апрель, 2021-ж.
Жашоого жана эркиндикке татыктуу адам – бул күндө алар үчүн күрөшкө чыккан адам
(Иоганн Вольфганг Гёте).
- Жашоо – бул көз ирмем. Аны алгач кир баракта жашап, аны кайра таза баракка көчүрүү мүмкүн эмес
(Антон Чехов).
- Ар бир адам өзүнчө дүйнө, ал ошол дүйнө менен төрөлөт жана өлөт (Генрих Гейне).
- Биздин убактыбыз чектелүү, аны башканын жашоосу менен жашап коротпогула (Стив Жонс).
- Сенин жашооңдо маанилүү 2 күн бар, бири – сен төрөлгөн күн, экинчиси – эмне үчүн жарыкка келгениңди аңдап-билген күн (Марк Твен).
- Ар бир адам адамзатты өзгөрткүсү келет, бирок эч ким өзүн өзгөртүүнү ойлобойт (Лев Толстой).
- Жол болбостук – башынан баштоого мүмкүнчүлүк, бирок бул ирет акылдуураак болуп (Генри Форд).
- Батыраак үйрөнчү 3 учур – 7 жашка чейинки кез, тренингде, анан жашоо сени туңгуюкка камаганда (Стивен Кови).
- Дайыма эң оор жолду тандагыла, анткени андан атаандашты кездештирбейсиң (Шарль де Голль).
- Бүт дүйнө сага каршы чыккандай кезде учак шамалдын багыты менен эмес, ага каршы уча турганын эстегин (Генри Форд).
- Жашоо канча жыл жашаганың менен ченелбейт, ошол жылдарда канча чыныгы жашоо болгондугу менен ченелет (Авраам Линкольн).
- Бактылуу болууга жалгыз жол – бул чөйрөгө пайда алып келүү (Ханс Кристиан Андерсен).
- Акылдуу адам баарын өзүнөн талап кылса, акылсыз адам башкалардан талап кылат (Лев Толстой).
- Жашоо – бул өткөн күндөр эмес, эсте калган күндөр (Пётр Павленко).
Канымжан Усупбекова
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0