2025-26-окуу жылында мектептерде “Табият таануу” сабагы өзгөртүлөт. Бул тууралуу Кыргыз билим берүү академиясынын кызматкери Альфия Насырова Педагогикалык форумдун жүрүшүндө билдирди.
Билим берүүнүн жаңы стандарттарына ылайык, “Табият таануу” сабагы 5 жана 6-класстарда окутула баштайт. Сабактагы жаңылыктардын бири – эл аралык стандарттарга ылайык программа.
- Биз бүгүн тездик менен өзгөрүп жаткан жана технологияларга толгон заманда жашап жатабыз. Азыр жөнөкөй эле смартфон сабактагы кичинекей лабораторияга айланышы мүмкүн. Мобилдик тиркемелердин жардамы менен окуучулар ызы-чуунун деңгээлин, жарыкты, температураны өлчөп, өсүмдүктөр менен жаныбарларды тааный алышат. Бул сабакты кызыктуу гана кылбастан, балдардын жаратылышка аяр мамиле кылуу жөндөмүн калыптандырат – дейт Насырова.
Дагы бир жаңылык: 12 жылдык билим берүү системинин алкагында 5-класстын окуучулары 2026-жылдын күзүндө дароо 7-класска өтүшөт. Демек, быйылкы окуу жылында 5-класстын окуучулары 5-класстын да, 6-класстын да программасын окуп бүтүшөт.