АКШ президенти Дональд Трамп жакын арада Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинадагы согушту токтотуу маселесин талкуулоо үчүн жолугушуусу мүмкүн экенин билдирди.
- Жолугушуу жакын арада болушу мүмкүн деген жакшы мүмкүнчүлүк бар - деди Трамп чет элдик ЖМКларга.
Трамп Орусия менен АКШ шаршемби күнү позитивдүү сүйлөшүү өткөргөнүн белгилеп, бирок Москва менен соода-сатык кылып жаткан өнөктөштөргө карата кошумча санкциялар киргизилиши мүмкүн экенин да четке каккан жок.
АКШ президентинин администрациясы жолугушууга даярдык жүрүп жатканын тастыктады. Маалыматтарга караганда, Трамп Путин менен жолугушкандан кийин Украина президенти Владимир Зеленскийдин катышуусунда үч тараптуу жолугушуу өткөрүшү мүмкүн.
- Орусия тарап президент Трамп менен жолугушууга кызыкдар экенин билдирди жана президент Путин менен да, Зеленский менен да жолугушууга даяр. Президент Трамп бул кандуу согуштун токтотулушун каалайт - деди Ак үйдүн басма сөз катчысы Кэролайн Ливит.