20-августта Баткенде 2022-аскер бөлүгүнүн жоокери өз өмүрүн кыйды деген маалымат тарады. Мамлекеттик чек ара кызматы маалыматты тастыктап, окуянын бардык жагдайларын жана себебин аныктоо үчүн кызматтык иликтөө башталганын билдирди. Чек ара кызматына караштуу аталган аскер бөлүгү Баткендин Төртгүл тилкесинде жайгашкан.
Быйылкы жылдын статистикасын карасак, бул аскердик кызматын өтөп жатып каза тапкан биринчи жоокер эмес. 7-июнда Бишкекте Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын 19 жаштагы жоокери соттолгон жаранды жеке клиникага коштоп баратып ок атуучу куралды колдонуу менен өз өмүрүнө кол салганы маалымдалган. Окуя боюнча Бишкек гарнизонунун аскер прокуратурасы кылмыш ишин козгогон эле.
Мындан 1 ай мурун, 16-июлда Жалал-Абадда ЖАМКнын Күзөт жана коштоп жүрүү департаментинде аскердик милдетин өтөп жаткан жоокер асынып алып өз жанын кыйганы маалымдалган. Бул боюнча ЖАМКнын жетекчиси Чыңгыз Кожошевго сөгүш жарыяланды. Маркумдун жакындары адилеттик издеп ЖМКларга кайрылышканы белгилүү.