УКМК Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы менен биргеликте эт азыктарын саткан ири соода түйүндөрүнүн өкүлдөрү менен жер-жерлерде жолугушууларды өткөрүүдө.
– Эт азыктарынын бааларын жасалма түрдө көтөрүүгө жол бербөө зарылдыгы эскертилди. Мыйзамсыз иш-аракеттерге баргандар жоопкерчиликке тартылары өзгөчө баса белгиленди. Баалардын жасалма кымбатташына жол бербөөгө багытталган тиешелүү иш-чаралар уланууда. Эттин баасын аныктоо саясатына карата мыйзамга туура келбеген атайылап саaботаж жасагандар кылмыш жообуна тартылышат,- деп билдирди УКМК.
Айта кетсек, өлкөдө 11-августтан тартып эттин баасына мамлекеттик көзөмөл киргизилген. Ага ылайык, эттин 1 килограммы үчүн баа 690 сомдон ашпашы керек.