Жасалма интеллект АКШнын сот системине коркунуч жарата баштады. Аталган өлкөнүн судьялары “дипфейк” деп аталган жасалма сүрөт, видео жана үн жазмаларынын көбөйүшү далилдердин ишенимдүүлүгүнө чоң шек жаратып жатканын билдиришүүдө. Мисалы, Калифорнияда бир турак жай ишинде судья Виктория Колаковски көрсөтүлгөн видеодогу кыймылдардын жана үндөрдүн дал келбестигин байкап, анын жасалма интеллект менен түзүлгөнүн аныктап, ишти толугу менен четке какканын чет элдик ЖМКлар жарыялашты.
Адистердин айтымында, мындай окуялар көбөйүп, коркунуч мурда ойлогондон да чоңоюуда. Судьялар жасалма далилдерге таянып туура эмес чечимдерди чыгарып алуу реалдуу коркунуч болуп калганын моюнга алып жатышат. Айрыкча жасалма үн жазмалары маанилүү сот процесстеринде жаңылыштыкка алып келиши мүмкүн экени белгиленди.
Бул кырдаалга жооп катары жаңы эрежелер талкууга алынууда. Айрым штаттар адвокаттарды да далилдердин келип чыгышын иликтөөгө милдеттендирүүчү мыйзамдарды кабыл алып жатышканы айтылат.