Украина бийлиги 10-декабрда президент Дональд Трамптын акыркы тынчтык планы боюнча Ак үйгө өзүнүн расмий жообун жөнөттү. Бул жоопту Украина Европалык союздаштары менен кеңешкенден кийин жөнөткөнү айтылат чет элдик ЖМКлар жарыялаган маалыматта. Украинанын Улуттук коопсуздук жана коргоо кеңешинин катчысы, сүйлөшүүлөрдө Украина делегациясын жетектеген Рустем Умеров “жаңыртылган тынчтык планын” президент Трамптын кеңешчиси жана күйөө баласы Жаред Кушнерге жиберген. Тынчтык планы боюнча Украина өз жообунда аймактар боюнча маселелерди жана Орусиянын көзөмөлүндө турган Запорожье АЭСинин статусу боюнча жаңы сунуштарды киргизген.
Трамп Орусия-Украина согушун токтотуу боюнча 20 пункттан турган тынчтык планын Украинага берип, андан бир нече күндүн ичинде жооп берүүнү “талап кылганын” америкалык басылмалар жазып чыгышкан эле. Ал планга ылайык, Украина өз аймагынын олуттуу бөлүгүн жоготушу мүмкүн экени айтылууда. Украина президенти Владимир Зеленский 10-декабрда Трамптын тынчтык планы – фундаменталдык документ экенин, андан тышкары АКШ-Украина алакасына тийиштүү дагы 2 документ даярдалып жатканын маалымдаган.