Кыргыз элинин максым жасоо ыкмасы жана салттык билими ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарынын тизмесине киргизилди. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, чечим 10-декабрда Индиянын Нью-Дели шаарында өтүп жаткан ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарды коргоо боюнча өкмөттөр аралык комитетинин 20-сессиясында бир добуштан кабыл алынды.
Министрлик максым боюнча сунуштама 4 жыл даярдалып, 2023-жылы ЮНЕСКОнун катчылыгына тапшырылганын, андан соң эл аралык эксперттердин оң баасына татыганын белгилейт.
Эскерте кетсек, Кыргызстандын атынан буга чейин ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастар тизмесине 16 элемент киргизилген. Алардын катарында “Манас”, “Семетей”, “Сейтек” үчилтиги, ала кийиз, шырдак буюмдары, көк бөрү, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жана башкалар бар.