Кыргыз улуттук “Манас” театрындагы кырдаалды иликтөө үчүн комиссия түзүлгөнүн Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады. Министрлик иликтөө 9-декабрда социалдык тармактарга тараган маалыматтарга байланыштуу экенин ырастады. Тагыраагы, “Манас” театрында бир катар манасчылардын мушташып кеткени боюнча. Иликтөө толук бүткөн соң коомчулукка маалымат берилери айтылды.
Бул арада манасчы Асаналы Калил уулунун жубайы Наргиза Эмилбек кызы күйөөсү “Манас” театрында сабалганын соцтармактагы баракчасына жазып чыкты. Окуя 9-декабрда аталган театрдын директору Нурбек Талантбековдун иш бөлмөсүндө болгонун белгилейт.
– Рысбай Исаков, Нурбек Талантбеков жана Нурбек Калыбек уулу үчөө күйөөмдү сабашкан. Чырдын башталышына күйөөмдүн “манасчылардын сынагы калыс өткөн жок” деп айтканы себеп болгон,- дейт Эмилбек кызы.
Аты аталган манасчылар окуя боюнча комментарий берише элек.