Быйыл Кыргызстан кант кызылчасынан өндүрүлгөн кумшекер менен өзүн-өзү толук камсыздай алат. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Өсүмдүк өстүрүү, багбанчылык жана кооперация башкармалыгынын башчысы Турат Идирисов “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.
Анын айтымында, былтыркы жылдан калган запастар жана быйылкы түшүмдүн негизинде шекер жетиштүү.
– Былтыр жалпы кант кызылчасынан түшүмдү 957 миң тонна көлөмүндө рекорддук көрсөткүчтө алганбыз. Быйыл түшүмдүүлүк азыраак болуп, кант кызылчасынын түшүмү бир гектарына 380-450 центнерге чейин айланып жатат. Былтыр бул көрсөткүч 600 центнерден өйдө болгон. Бул аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу,- деди министрлик өкүлү.
Идирисов ошондой эле Чүй өрөөнүндө ушул жуманын ичинде кант кызылчасынын акыркы аянттарында түшүм жыйналып бүтөрүн маалымдады.