Мамлекеттик салык кызматы салыктарды жана төлөмдөрдү жыйноо боюнча жылдык планды мөөнөтүнөн мурда аткарды. Бул тууралуу 17-декабрда мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
План боюнча 2025-жылы 268 миллиард 326,4 миллион сом салык топтоо каралган. Иш жүзүндө 2025-жылдын январь-ноябрь айларында эле 275 миллиард 742 миллион сом өлчөмүндө салык жыйналганы айтылат. “Белгиленген план 12 миллиард 271 миллион сомго ашыгы менен аткарылды. 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу түшүүлөр 71 миллиард 881 миллион сомго көбөйдү”,- деп билдирет мекеме.
Алдын ала эсептөөлөр боюнча, 2025-жылдын аягына чейин план ашыгы менен аткарылары күтүлүүдө. Салыктардын жана төлөмдөрдүн жалпы көлөмү 300 миллиард сомдон ашышы мүмкүн.
Салык кызматы билдиргендей, камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйноо көрсөткүчтөрү 74 миллиард 57 миллион сомду түзүп, план 1 миллиард 217 миллион сомго ашыгы менен аткарылды. Өткөн жылдын ноябрь айына салыштырмалуу 7 миллиард 680 миллион сомго көп жыйналды. Жылдын 11 айында салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча жалпы түшүүлөрдүн суммасы 349,8 миллиард сомго жетти.