|
|
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384
Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
№309 1 0
Бул оюн чоң жеңиштердин даамын таткан жаш жана тажрыйбалуу спортчулар менен бөлмөдө өскөн гүлдөрдөй болгон журналисттердин (спортчуларга салыштырмалуу) тиреши болду. Андыктан, күйөрмандар алдын-ала спортчулар журналисттерди жумшартып айтканда, утат деп күтүшкөндүгү анык. Бирок, иш жүзүндө андай болбой, чогулган жүздөгөн күйөрмандар күндүн башкы сенсациясына күбө болушту. Негизинен, голдорго бай жана “Спорт жылдыздарынын” үстөмдүгү астында өткөн оюн 4:3 эсебинде “Супер-Инфонун” пайдасына чечилди. Бул беттеште ийгилик мыкты уюшуп аракеттенген команда тарапта болду десек жаңылышпайбыз. толугу менен №304 0 0
Ошентип, “жакшы окуя узак болбойт” дегендей, жылдын башкы спорттук окуясы аяктады. 16 күндүн ичинде бүткүл дүйнө мыкты спортчулардын бүйүр кызыткан мелдештерине күбө болду. Бээжин Олимпиадасы эл оозунда “кылымдын Олимпиадасы” деп да атала баштады. толугу менен ![]() №302 0 0
Ошентип, 8-августта Бээжинде башталган жылдын башкы спорттук окуясы күндөн-күнгө кызыгандан кызып барат. Олимпиада расмий түрдө башталганда ага катышуучу өлкөлөрдүн саны 204кө жана спортчулардын саны 10 миң 500гө жеткендиги аныкталды. Ошол мыктылардын арасында өлкөбүздүн намысын коргоого аттанган биздин азаматтарыбыз да бар. Андыктан, мелдештердин алгачкы 5 күнүндөгү кыргыз спортчуларынын чыгуулары жөнүндө кеп кылмакчыбыз. толугу менен №301 0 -1
Катышуучуларынын саны боюнча «Бээжин-2008» башка бир да мелдешти алдына салбайт. Ал эми көрүүчүлөрүнүн саны... толугу менен ![]() №297 0 2
Жакында Бириккен Араб Эмираттарында “UNIVERSAL MARTIAL ARTS” аттуу жит-кун-до мектеби ачылды. Анын негиздөөчүсү чет өлкөдөгү абройлуу кыргыз азаматтарынын бири болуп саналат. Он жылдан бери Дубайда жашап келаткан таэквондо боюнча кара курдун ээси жана сегиз тилде эркин сүйлөй билген Кубанычбек Төрөбаев менен телефон жана интернет аркылуу байланышкан элек. Анда эмесе, кеп башынан болсун... толугу менен №292 0 0
Талашсыз түрдө жылдын башкы футболдук окуясы болуп 7-июнда старт ала турган “ЕВРО-2008” турнири эсептелет. толугу менен ![]() №272 0 0
Толук аты-жөнү – Рой Левеста Жонс. Өзүнө гана тиешелүү кайталангыс соккулары менен белгилүү Рой Жонс 1969-жылы 16-январда АКШнын Флорида штатынын Пенсакола шаарында туулган. Профессионалдар арасында WBA, IBF, WBO и WBC версиялары боюнча дүйнөнүн бир нече жолку жана абсолюттук чемпиону. Бардыгы болуп профессионалдык рингге 55 жолу чыгып, 51инде жеңишке жетишип (анын 38и нокаут менен), 4 ирет жеңилүү ызасын тарткан. Бою – 180 см. Салмагы – 80 кг. Чабуул коюу аралыгы – 188 см. Үйбүлөлүү, 2 уулдун атасы. толугу менен №248 0 0
Анын ысымы мекенибиздин эң популярдуу, абройлуу адамдарынын сап башында, сыйлуу катарда. Денсоолугу чың, эл-журтка, дүйнө жүзүнө белгилүү спортчу болгусу келген жигиттердин кумири, айымдардын арзуусу, спорт чөйрөсүндөгүлөрдүн туу туткан бийиктиги, уулдардын атасы, республикабыздын сыймыгы... Учурда президенттин кеңешчиси, Улуттук олимпиадалык комитеттин вице-президенти, “Гермесс профи” спорт клубунун негиздөөчүсү жана башчысы, машыктыруучусу... толугу менен ![]() №247 0 0
Өзүнүн темирдей соккулары менен бир канча жыл рингде укмуш ажиотаж жаратып, чыныгы шоуну көрсөтүп келген Майк Тайсон 2005-жылы чоң спорт менен биротоло кош айтышканын билдирген эле. Майк өз өмүрүнүн 20 жылдан ашыгын бокско арнап, профессионалдык рингде эле айыгышкан 50 таймашты башынан өткөргөн. Анын 44үндө нокаут менен жеңишке жетишсе, 6сында утулууга дуушар болгон. Эмесе, Майктын спорттук карьерасы менен жакындан... толугу менен №246 0 0
Кыргыз спортунун өнүгүп-өсүшүнө опол тоодой салым кошуп, Кыргызстандагы «гладиаторлордун» күч сынашып, эрдигин элине көрсөтүүгө көмөгүн берген өлкөбүздөгү Панкратион федерациясынын президенти Эдил Молдалиев 1962-жылдын 2-майында Чүйдүн Жайыл районуна караштуу Суусамыр айылында төрөлгөн. Бокс боюнча Кыргызстандын жана СССРдин бир нече жолку чемпиону, панкратион боюнча эл аралык көптөгөн... толугу менен ![]() №245 0 0
Жакында Түркиянын “Фенербахче” футболдук командасынын президенти Азиз Йылдырымдын айтымында, клуб бразилиялык футболчу Роналдо менен келишим түзүп, өз тобуна тартуу үчүн аракет көрүп жатат. Футбол дүйнөсүндө супер жылдызга айланган Роналдо үчүн Түркия бир сезондо 4 миллион еврого чейин төлөп берүүгө даяр экендигин билдирген. Ал эми Роналдо болсо учурда тиякка же биякка бараарын... толугу менен №243 1 1
Бишкектеги Цирк имаратында 23-24-июнь күндөрү белгилүү каскадёр Үсөн Кудайбергеновдун жаркын элесине арналган панкратион боюнча Евразиянын 7-чемпионаты болуп өттү. Билет баалары 600дөн 1000 сомго чейин көтөрүлдү. Аталган мелдешке жалпысынан 42 спортчу катышты. Тагыраак айтканда, Кыргызстандан 27, Орусиядан 1, ал эми Казакстандан 14 балбан келип, 75 килограмм салмакка чейинки жана андан жогорку салмак боюнча... толугу менен ![]() №242 0 0
Кыргызстандын борбор калаасы Бишкекте 23-24-июнь күндөрү панкратион боюнча Евразиянын 7-чемпионаты өткөнү турат. Эрендердин эр таймашы белгилүү каскадёр Үсөн Кудайбергеновдун жаркын элесине арналып жатканын Кыргызстандагы Панкратион федерациясынын президенти Эдил Молдалиев билдирди. Эрежесиз мушташ боюнча чемпионат Мамлекеттик цирктин аренасында өтүп, ага катышуу үчүн Орусия жана Казакстандан алы-күчү тоону томкоруп турган... толугу менен №239 0 0
Акча эч качан көп болбойт. Өзгөчө 35-37 жашында карьерасын аяктап жаткан көпчүлүк футболчулар үчүн. Ошондуктан, алар карьерасын аяктагыча жогорку көрсөткүчтөргө жетишүүгө гана аргасыз болушпастан, жетекчиликтен чоң айлыкты да өндүрүп алууга умтулушат. Мыкты жана жолдуу оюнчулар миллиондогон долларга келишим түзүүгө жетишишет. Төмөндө дүйнөлүк жана Россиялык эң мыкты футболчулардын бир жылдык... толугу менен ![]() №238 0 0
Костя бир нече жылдан бери асфальт заводунун менчик ээси болуп келе жаткан эле. Эми Россиянын Ульяновск шаарынын чет жагындагы таштанды жайды ижарага алып, чоң масштабдуу иштерди баштады. Костянын бул багытта түзгөн “Экологиялык технологиялар борбору” аттуу фирмасы азыр полигонду толук курчап бүтүп, таштандыны сорттоп чыгаруучу комплекстин курулушуна киришти. Костя буга 1 миллион доллар бөлдү. толугу менен №237 0 0
Өткөн жумада Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда эркин жана грек-рим күрөшү боюнча Азиянын 20-чемпионаты аяктады. Бул мелдешке Кыргызстандан тышкары Япония, Кытай, Индия, Корея, Иран, Казакстан сыяктуу 21 өлкөнүн эң мыкты делген 200гө чукул улан-кыздары келип күч сынашты. Чемпионат өтө кызуу өтүп, балбандардын өнөрүн көрүүнү самап келген спорт ышкыбоздорунун купулуна толду десек жаңылышпайбыз... толугу менен ![]() №235 0 0
Чоң спортко аралашканына 10 жылдан ашкан "Аташ" кличкалуу кикбоксчу Өткүр Кудаяров 1977-жылы 10-ноябрда Тажикстандын Ленинабад шаарында туулган. Өткүр 10 жыл аралыгында кикбокс боюнча Евразия (2000-жыл, Украина), Дүйнө (2001-жыл, Югославия), Азия чемпиону (2003-жыл, Ташкент), Дүйнөлүк кубоктун ээси (2002-жыл) болууга жетишип, бир нече ирет дүйнөлүк деңгээлдеги таймаштарда күмүш, коло медалдарга ээ болууга татыган. Кикбокс боюнча эл аралык класстагы спорт чебери... толугу менен №233 0 0
Елена Исинбаева 1982-жылы 3-июнда Россиянын Волгоград шаарында туулган. Таяк менен бийиктикке секирүү боюнча Олимпиаданын жана Европанын, дүйнөнүн көп жолку чемпиону. Елена 2004-2005-жылдары «Жылдын жеңил атлетчиси» наамына ээ болгон эле. Эми минтип үстүбүздөгү жылдын 2-апрелинде 2006-жылдагы ийгиликтери үчүн “Жылдын дүйнөлүк спортчу айымы» наамына ээ болуп, «Оскар» сыйлыгына тете болгон «Laureus» сыйлыгына... толугу менен ![]() №232 0 0
Белгилүү футболчу Диего Марадона жакынкы убактарда ооруканадан чыгат. Ал 29-мартта денсоолугунун айынан өзүнүн мекени болгон Аргентинанын борбору Буэнос-Айрестеги Гуэмес клиникасына жаткырылган болчу. Диегонун ооруканага жатканы жеке жашоосуна байланыштуу. Анткени, ал акыркы кездерде мурунку жубайы Клаудиа... толугу менен №231 0 0
«Кара кыргыз» кличкалуу Ален Офойо 1982-жылы 1-июлда Бишкек шаарында төрөлгөн. Бою – 1 метр 82 сантиметр, салмагы – 72 килограмм. Кикбокс боюнча Азия чемпиону (2003-жыл). Кыргызстандын 3 жолку чемпиону жана Кыргыз Республикасынын Президенттик кубогунун ээси (2007-жыл). Кикбокс боюнча эл аралык класстагы жана бокс боюнча спорт... толугу менен ![]() |
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул рубрикага кирди:
| |