|
![]() №438 ![]() ![]() Убагында Сыймык Бейшекеев “оромолчон оштук кыз, бажырайган баткендик кыз, жалжылдаган жалал-абаддык менин жердешим, көк көйнөкчөн көлдүк кыз...” сыяктуу саптары бар ырларды жаратып, көпчүлүк кыз-келиндин жүрөгүнө чок салар эле... толугу менен ![]() №438 ![]() ![]() Канадалык рок ырчы Брайан Адамс 51 жашында биринчи жолу балалуу болуу алдында турат. Ал мурдагы өзүнүн ассистенти Алисиянын кош бойлуу экендигин жакында эле билген. Буга чейин бир да жолу үйлөнүп, балалуу болбогон ырчыга бул жагымдуу жаңылык эле... толугу менен ![]() ![]() №438 ![]() ![]() Мерайя Кэрри үйүндө үч ит багат. Ошондой эле ал иттерине өзүнүн балдарындай мамиле кыларын да айтып келет. Жакында өзү эгиз төрөөрүн эске алып, «сүйүктүү иттерим менин балалуу болуп, аларга аз убакыт бөлүп каларымды түшүнүшсүн» деп иттерине зоопсихолог жалдады... толугу менен ![]() №438 ![]() ![]() Дүйнөгө белгилүү ырчы Араш коомчулукка үйлөнүү тоюнун датасын жар салды. Ал Беназ аттуу сүйгөн кызы менен 28-мартта Дубайда үйлөнмөй болду. Араш Беназ менен Швецияда таанышып, экөө көп жылдар бою кыз-жигит болуп жүрүшкөн... толугу менен ![]() ![]() №438 ![]() ![]() Атактуу ырчы Анжелика Варум сахна менен коштошту. Дайыма үй-бүлөсүнөн алыста гастролдоп жүрүү ырчыга жакпай калган өңдүү. Анткени ал көпчүлүккө “көп убактымды жолдошум Леонид Агутинге жана кызыма бөлгүм келет” деп билдирген. Мындан улам үй-бүлөсү үчүн карьерасын таштап жатканын билсек болот... толугу менен ![]() №438 ![]() ![]() Алпаруучу жана ырчы Лолита Милявская 20-мартта өзүнөн 11 жаш кичүү, 36 жаштагы спортчу Дмитрий Ивановго турмушка чыкты. Бул Лолитанын бешинчи никеси. Бал айын июнь айында Малайзиядагы аралдардын биринде өткөрүүнү пландашууда. Мына сага, Лолитанын үлпөт көйнөгү 20 000 еврону чапчыган. толугу менен ![]() ![]() №438 ![]() ![]() ![]() Лилия дегенде эле назик гүлдү элестетсеңиз, анда гүлгө окшош айым көз алдыңызга тартылат. Чынында, Лилия Абдыбаитованын үнүн радио, теледен гана укпастан, уюлдук телефондон да эшиткенге болот. Биздин мейманыбыз атына заты жарашкан Нарындын кызы ди-джей Лилия болмокчу. толугу менен ![]() №438 ![]() ![]() Ырчы Айко май айында борборубузда тушоо кесүү концертин берет... KG Эльмураттын таятасы, Адахан Мадумаровдун атасы 79 жашында дүйнө салды. Жакындарына көңүл айтып, аза кайгыларын тең бөлүшөбүз... толугу менен ![]() ![]() №438 ![]() ![]() Ырчы Нурзат Садыкова мэриянын алдындагы эл аспаптар оркестринде солист катары өзүн сынап көрүүнү чечти. Ал жакка ырчыны Кыргыз Эл артисти, дирижёр Бакыт Тилегенов чакырган. Ошентип, жакында Нурзат оркестр менен эл алдына чыгып калат... толугу менен ![]() №438 ![]() ![]() Шайырбек Арапов алпарган Коомдук телеканалдагы “Балдардын сынагынан сынбайсыңбы?” берүүсү жабылуу коркунучунда турат. Шайырбектин айтымында, көрүүчүлөр бул берүүнүн жабылышына каршы. “Бул маселе чечилип жатат... толугу менен ![]() ![]() №438 ![]() ![]() Негедир турмуш куруп балалуу болгондордун бардыгы эле “Балама”, “Кызыма” деп ырдап калышчу болду. Алардын катарында ырчы Назми да бар. Кечээ эле баланын жытына мас боло “кыздуу болдум” деп кубанып жүргөн ырчынын кызы 1 жашка чыгайын деп калыптыр... толугу менен ![]() №438 ![]() ![]() Көптөн бери бала жытын эңсеп келген «Кыз-Бурактын» мурдагы ырчысы Гүлнара Калдарова эне болуп, жолдошу Мырзабек экөө кубанычтын коюнунда. 5-март күнү 2 килограмм 500 грамм салмактагы ымыркай жети айлыгында жарыкка келген... толугу менен ![]() ![]() №438 ![]() ![]() Нурайым Азыкбаева сүйлөшүп жүргөн жигитине күзүндө турмушка чыгат. Учурда тойго камданып, ата-энесине жардам катары өзүнүн себин даярдашууда. «Ар кандай фестивалдарга чакыруулар болууда. Азырынча эч бирине жооп бере элекмин... толугу менен ![]() №438 ![]() ![]() КРнын Эмгек сиңирген артисттери Чырмаш Төрөбеков, Бакыт Шатенов жана Ырыскелди Осмонкулов “Өскөн жер” деген трио түзүштү. Учурда үчөө жер-жерлерди кыдырып, эч кандай фонограммасыз, жандуу үн менен концерт беришүүдө... толугу менен ![]() ![]() №438 ![]() ![]() Гезитибиздин кийинки санында окурмандарга сонун белек. Атактуу ырчы Бек Борбиев сиздерге жан адамга айтпаган сырларын төгөт. Чыгармачыл чыйыр жолун, ашыктык отун ачык айтат Берадор мырза. Андыктан келерки санды күтүңүз, календарь-тиркемеден окуйсуз! толугу менен ![]() №439 ![]() ![]() Продюсер ырчы урушу бизде көнүмүш адатка айланган. Алардын фонунда “иштешүү боюнча биз рекорд койдук окшойт” деп күлүшкөн Канат Култаев жана Мирбек Атабеков көзгө түшпөй койбойт. Экөөнүн тандеминин түзүлгөнүнө 1-апрелде 5 жыл болду. Бул тандем хит чыгармаларынын бири “Сага” аттуу ырына клип тартышты. толугу менен ![]() ![]() №439 ![]() ![]() Күлкү – ден соолуктун мүлкү. Жүзүнөн жылмаюу кетпеген адамдардын жашоосу жеңил, жолу ачык болору бекеринен эместир. Атактууларды 1-апрелге карата алдап, тор жайдык. Бүгүн алар гезиттен өздөрүн көрүп күлүп алышса, биздин максат ишке ашты деп эсептейбиз. толугу менен ![]() №439 ![]() ![]() ![]() Кыргыз жана чыгыш ырларын жаңыртып келе жаткан “Тумар” радиосу туулган күнүн белгиледи. Бул тууралуу радионун директору Алексей Сидоров төмөнкүчө кеп салды. толугу менен ![]() ![]() №439 ![]() ![]() Ырчы жана актриса Людмила Гурченко 30-мартта капысынан жүрөгү токтоп дүйнө салды. Жамбаш сөөгүнө оор операция жасаткан актриса бир күн мурун эле ооруканадан чыккан болчу. Англиянын ханзаадасы Уильям Уэльский менен Кейт Миддлтондун үйлөнүү тою I Tune телеканалынан түз эфирде көрсөтүлөт... толугу менен ![]() №439 ![]() ![]() Омар 1-апрелден 11-апрелге чейин түштүк жергесине “Кош жүрөк” аттуу жеке концертин тартуулайт... Азиза “Сезбедиң” деген ырына ушул жумада клип тарттырганы турат. Ошондой эле дагы бир жаңы ыр жаздырып, ага ат таппай убара... толугу менен ![]() |
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул рубрикага кирди:
|