Ильяз & Медина: «БИЙЛИК БИЗДЕ ЭМЕС, ШЕФТЕРДЕ»
№4453912
“Ильяз табиятынан аз сүйлөйт” деген эле апасы. Чын эле журналисттер ырчы жигитти сүйлөтө албай көп убара тартышат. Бирок бул мүнөзү бала үйлөнгөн соң калгансыйт. «Ооба-жок» деп отура берчү Ильяздын тартынчаак сапаты келинчеги Мединага өтүп кетиптир...
толугу менен
Бир бүркүм... РОЗА КОШ ЖАЗДЫК БЕЛЕК КЫЛАТ...
№44510
Кумар Асанов 22-23-майда Улуттук китепканада “Мекен жер” ырлар жыйнагынын бет ачар аземин өткөрөт... “Версус” тобунун бийчиси, модельер Айпери 21-майда баш калаадагы эс алуучу жайлардын биринде кийим-кечектер көргөзмөсүн өткөрөт...
толугу менен
БАЙЫШ, БЕШИК БОО БЕК БОЛСУН!
№44520
Майрам майрамга уланып, Улуу Жеңиш күнүнүн эртеси Байыш Момунов салмагы 3 килограмм 200 грамм болгон кызгалдактуу болду. Ырчы бул тууралуу: “Кызымдын мурду мага окшош экен. Учурда наристеге ат тандоо менен алекмин...
толугу менен
ГҮЛШАЙЫР ЭЖЕ НЕБЕРЕСИН БЕШИККЕ САЛДЫ
№44510
Жаңы жыл астында мурунку “кыз-буракчылар” Кенже, Гүлнара, Айжамалдар устаты Гүлшайыр Садыбакасованы таарынтып алып, кайра кечирим сурап, аны коноктошкон эле. Ушундан кийин устат менен шакирттердин ортосундагы абал жакшырган го дейм...
толугу менен
НУРЗАТ ЖАМАЛ СЕЙДАКМАТОВАГА КЕЛИН БОЛДУ
№4451-2
Нурзат Токтосунова Жамал эжеге тыкылдап өз оюн бербеген келин, күйөөсүнө обу жок эркелеген жар болуп жатыптыр. Нурзаттын кантип келиндик доор сүрүп жатканын “Колибри” аттуу тасмадан байкай алат экенбиз...
толугу менен
БАКТЫГҮЛГӨ НЕ БОЛГОН?
№4457-2
www.super.kg сайтынын Медиа-порталындагы “Элдик видео” бөлүмүнө колдонуучулар тарабынан Бактыгүл Бадыева тартылган видео жүктөлгөн эле. Бир мүнөткө жетпеген бул видео учурда Кыргызстандын интернет порталдарынын баарында жүрөт...
толугу менен
ГҮЛНУР РОЗА АМАНОВАНЫ КОРКУТАМ ДЕЙБИ?
№445130
Ырчы жана актриса Гүлнур Асанова бизге берген маегинде устаты Роза Аманова менен АКШда жүрүп таарынышканын айтып, “ушакчылардын кебине ишенип, мени катуу капа кылды” деген эле. Экөөнүн жаңжалынын чоо-жайы бат эле угулду...
толугу менен
Айпери Кубик кызы: «МЕН АНЫ СҮЙӨМ ДЕП ОЙЛОГОМ»
№446261
“Калп тапкычтын сыноосуна түшөсүң” деген сунушубузга башында тайсалдап жатып араң макул болгон Айпери эмнеден коркту? Ырчынын кайсы суроолорго кан басымы көтөрүлгөнүн чогуу байкайлы.
толугу менен
Алексей Чумаков: «МОСКВА КӨЗ ЖАШКА ЭМЕС, КҮЧКӨ ИШЕНЕТ»
№44631
Алексей Чумаковдун аткаруусундагы ырлар радиолордон көп уктурулуп, өз күйөрмандарын таап келет. Учурдагы орус ырчыларынын катарын толуктаган ал ырчы гана эмес, композитор, продюсер, актёр катары да белгилүү. Баарынан кызыгы, ырчы Юлия Ковальчуктун жүрөгүн жаралаган “мачо”.
толугу менен
Роза Шакирова: «АТАМДЫН ӨЛҮМҮНӨ ДАРЫГЕРЛЕРДИ КҮНӨӨЛӨЙМ»
№446161
Роза Шакирова менен бир жолу саламдашкан адам аны абдан шайыр, жүзүнөн күлкү кетпеген айым деп кабыл алат. Бирок негедир бул айымдын репертуарындагы ырлардын көбү муңдуу. Ырчынын ички сезиминдеги уйгу-туйгусу “Чын сырым” рубрикасында.
толугу менен
«ЕВРОВИДЕНИЕ-2011» ЖЕҢҮҮЧҮСҮН ТАПТЫ
№44600
15-майда Германиянын Дюссельдорф шаарында “Евровидение-2011” музыкалык сынагы өттү. Сынактын жеңүүчүлөрү деп “Running Scared” аттуу ыры менен азербайжандык Эльдар Гасымов жана Нигяр Жамал аталышты. Жалпысынан аталган сынакка 43 өлкө катышкан. Ал эми Орусия ондукка да илинген жок.
толугу менен
КАЙДАСЫҢАР, КЛАССТАШТАР?
№44650
Ар бир жылдын 25-майында улам бир муун өзүнүн балалыгын эстейт. Чоң турмушта эмне күтүп турганын аңдабай өткөргөн окуучулук күндөрүн эскерип, айыл жытын бирге искеген, мектеп күндөрүн чогуу өткөргөн классташтары менен 10 жылдык, 20 жылдык, 30, 40 жылдык кечелерге чогулушат эмеспи...
толугу менен
ПОЛ МАККАРТНИ ТӨШӨК ЖАҢЫРТАТ
№44600
68 жаштагы музыкант Пол Маккартни төрт жылдан бери сүйлөшүп жүргөн 51 жаштагы америкалык Нэнси Шевелл аттуу айымга баш кошот. Эскерте кетсек, музыканттын биринчи жубайы Линда 13 жыл мурда каза болсо, экинчи түгөйү модель Хизер Миллс менен жылдызы келишпей ажырашып кеткен...
толугу менен
Сыймык Бейшекеев: «МЕНИН БИЗНЕСИМ ДА, САЯСАТЫМ ДА – ӨНӨР СЕРЕСИ»
№4461510

2010-жылга чейин депутат, ал тургай министр болсом деп көксөп жүргөн Сыймык Бейшекеевдин кыялына кимдер бөгөт коюшту? Ырчынын ушул жана башка жаңылыктары төмөнкү макалада.


толугу менен
БЕЙОНС МЕНЕН ЖЕЙ ЗИ ЭКИ ИРЕТ ҮЙЛӨНҮШӨТ
№44611
2007-жылы баш кошушкан жылдыздуу түгөйлөр – Бейонс Ноулз жана Жей Зи эмгек өргүүсүн Парижде өткөрүп келишип, эми балалуу болууну ойлонушууда. Эки жылдыз бул планды ишке ашыруу алдында мамилелерин дагы бир ирет бекемдөө максатында кайрадан үйлөнүү үлпөт тоюн өткөрмөкчү болушту...
толугу менен
МАША МАЛИНОВСКАЯ УУЛДУУ БОЛДУ
№44600
11-майда белгилүү телеалпаруучу Маша Малиновская көз жарып, ымыркайга Михаил деген ысым ыйгарды. “Уулумдун атын Мирон коём деп жүрчүмүн. Бирок ал томпоюп мамалакка окшош болгондуктан, Михаил коюуну чечтим”,- дейт телеалпаруучу.
толугу менен
МАДОННА МЕНЕН ЛЕДИ ГАГА ТУУГАНБЫ?
№44600
Атактуу ырчы Леди Гага сахнада пайда болгондон тарта эл аны Мадоннага салыштырчу. Жакында эле генеология боюнча изилдөөчү Крис Чайлд эки ырчынын аталаш тууган экенин изилдеп чыкты. Көрсө, экөөнү тогузунчу тукуму бириктирип турат экен...
толугу менен
«СУПЕР СУЛУУ-2011» СЫНАГЫ СТАРТ АЛДЫ!
№4460-2
Кыргызымдын кымча бел, ай жүздүү, чырайлуу бийкечтеринин кулагына күмүш сырга! “Супер сулуу-2011” сынагы кайрадан стартта. Сынактын мурунку жеңүүчүлөрү Анталия, Мисир, Таиландга кыштын ызгаарында барып эс алып келгени тууралуу маалыматыңыз бар болсо керек...
толугу менен
АЛДЫҢА КЕЛСЕ, АТАҢДЫН КУНУН КЕЧ...
№44651
Роза Аманова менен анын шакирти Гүлнур Асанованын таарынычтарынан кабарыңыз бар чыгар. Роза айым: “Гүлнур ишенген шакиртим болчу. Андан мындайды күткөн эмес элем. Ортодогу кимдир бирөөлөрдүн сөзүнө ишенип мага таш ыргытканы үчүн адвокатка кайрылууну туура таптым”,- деп билдирген эле...
толугу менен
КАНАТТЫН КОМАНДАСЫ «БИРДИ ЭМЕС, МИҢДИ ЖЫГАМ» ДЕЙТ
№44612
“Билеги күчтүү бирди, билими күчтүү миңди жыгат” дегендей, Мирбек, Даниель, Алихан жана Гүлжигит аттуу жигиттерибиз эми англисче ырларды акценти жок ырдаганга бел байлашыптыр...
толугу менен
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул рубрикага кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: