|
|
p
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384
Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
15-декабрь - Чайдын эл аралык күнү
Бул күн Билим берүү жана Пикир алмашуу борборлорунун демилгелери менен белгилене баштаган. Көп жылдардан бери чай күнүн белгилөө айтылып келгени менен, 2004-2005-жылдардагы Индиядагы Мумбай жана Бразилиядагы Порту-Алегри шаарларында Билим берүү жана Пикир алмашуу борборлорунун жолугушуусунда 15-декабрда Чай күнүн белгилөө чечими кабыл алынган. Расмий эмес майрам болгондуктан, эс алуу күнү деп жарыяланбайт.
Майрамды белгилөөнүн максаты - өкмөттүн жана жарандардын көңүлүн чай сатуудагы көйгөйлөргө, чай өндүрүшүндө иштеген жумушчулардын абалына, өндүрүшчүлөр кабылган кыйынчылыктарга буруу. Бул күнү өзгөчө Кытай, Шри-Ланка, Индия, Бангладеш, Непал, Вьетнам, Индонезия, Кения, Малайзия, Уганда жана Танзания сыяктуу чай өндүрүшү менен белгилүү өлкөлөрдө масштабдуу түрдө майрамдык иш-чаралар өткөрүлүп турат. Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:
| |