p Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

16-декабрь, 1899-жылы "Милан" футболдук клубу негизделген

Дүйнө
"Милан" футболдук клубу Альфред Эдвардс тарабынан негизделип, Милан шаарынын урматына "Милан" деп аталып калган. Эң алгачкы машыктыруучусу Герберт Килпин болгон. Дал ошол Герберт Килпин клубдун кийимин жана түстөрүн ойлоп тапкан. Клубдун оюнчулары кызыл-кара түстө кийинишет. Кызыл түс шайтанды түшүндүрсө, кара - коркунуч делинген. Кийин көп жылдар бою командага Италиянын бир нече жолку премьер-министри Сильвио Берлускони ээлик кылган.

1900-жылы 11-мартта "Милан" өзүнүн алгачкы расмий эмес оюнун өткөрүп, "Медиоланума" деген клубдун оюнчулары менен беттешкен. Жыйынтыгында "Милан" 3:0 эсеби менен атаандашын жеңип алган. Бул жеңиш клубдун оюнчуларын шыктандырып, Италиянын Футбол федерациясына киришкен.

Футболдук клуб Италиянын чемпиондугунда 18 жолу, ал эми УЕФАнын Чемпиндор Лигасында 7 жолу жеңишке жеткен.

  (126 жыл мурун)
 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:

Окуялар:
9089;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: