p

12-август, 2000-жылы Бейшенбек Раимбеков Баткен облусунун Кур-Бака аймагынан чек арадан тоскоолдуксуз өтүп кеткиси келген террорчуларды тосууда душман огунан каза тапкан

Кыргызстан
Бейшенбек Раимбеков Баткен облусунун Кур-Бака аймагынан чек арадан тоскоолсуз өтүп кеткиси келген террорчуларды тосууда душман огунан каза тапкан.
2012-жылдын 24-майында КР Өкмөтүнүн №310 токтому менен майор Раимбеков Бейшенбек Жакшылыковичтин ысымы “Капчыгай” чек ара тозотуна ыйгарылган. Раимбеков Бейшенбек Жакшылыкович 1962-жылы 4-январда Жумгал районунун Миң–Куш шаарчасында төрөлгөн. 1968-жылы атасы кызмат ордун алмаштыргандыгына байланыштуу Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарына көчүп келет. 1969-жылы Балыкчы шаардык №5 мектептин босогосун аттап, аны 1979-жылы ийгиликтүү бүтүргөн. Андан кийин бир жыл Оргтехника заводунда слесарь болуп эмгектенген. 1980-1982-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн. 1984- 1992-жылдары Россиянын Ярослав шаарында Жогорку Аскердик окуу жайынын курсунда билим алган.  
1993-жылы Коргоо министирлигинин Кой-Таш полкунун минометтук взводунун командири болуп дайындалат. 1999-жылы чек ара кызматына капитан аскердик наамында резервтик чек ара тозотунун зардалы болуп дайындалат. 2000-жылы 12-августта Баткен облусунун “Кур-Бака” жайлоосунун чөлкөмүндө Кыргызстанга кирип келген мыйзамсыз террористтик топ менен болгон кагылышта капитан Б.Раимбеков баатырларча курман болгон. 2000-жылдын декабрь айында көрсөткөн эрдиги үчүн капитан Раимбеков Бейшенбек Жакшылыковичке майор аскердик наамы ыйгарылган. 
  (25 жыл мурун)
 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:

Окуялар:
9089;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: