p

4-июль, 1902-жылы Индиялык философ жана коомдук ишмер Вивекананда каза болгон

Дүйнө
Индиялык философ жана коомдук ишмер Вивекананда 39 жашында Калькуттага жакын Белур чиркөөсүндө каза болгон. Ал Индияда гана эмес, Америка, Азия жана Европа өлкөлөрүндө индиузмдин реформаланган формасын пропагандалоого активдүү катышкан ойчул, диний реформатор жана коомдук ишмер.
Рамакришнанын активдүү тарапкери катарында, ал 1897-жылы "Рамакришнанын миссиясы" деп аталган диний-реформатордук коомду уюштуруп, аны Индияда динди жандандыруунун борборуна айландырган. Вивекананда адамзатты "куткаруунун" жалгыз каражаты катарында коомдун, өткөндүн рухий-диний тажрыйбасына кайрылуу деп эсептеген. Ал айрыкча Индия элинин улуттук үрп-адатына, салт-санаасына чоң маани берген.
Вивекананда индиузмдин философиялык негизи болуп веданта деп эсептеп, аны Европалык философияга жакындаштырууга аракеттенген. Азыркы коом, Вивекананданын ою боюнча – "вайшьевдин" өкүмчүлүгү, ал эми келечеги болсо "шудранын өкүмчүлүгү" болуп, сословиелерди элдештирүүсүн үгүттөгөн
  (123 жыл мурун)
 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:

Окуялар:
9089;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: