|
p
10-октябрь, 1957-жылы 5-чакырылыштагы "Республика" фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Малик Осмонов туулган![]()
V чакырылыштагы "Республика" фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Малик Осмонов Жалал-Абад областынын Сузак районундагы Ачы айылында туулган. Мектепти аяктаган соң Ош политехникалык институтуна тапшырып, 1980-жылы аяктаган.
Эмгек жолун 1982-жылы Алай мамлекеттик адистештирилген чарбасында дене тарбиясы боюнча усулчу (методист) болуп баштаган. 1990-жылы Ош шаарындагы Балдар жана өспүрүмдөрдүн спорттук мектебинде машыктыруучу, 1994-жылы Ош областы боюнча Бажы кызматынын улук инспектору, 1997-2010-жылдары жеке ишкер болгон. Ал эми 2010-жылы октябрда "Республика" партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин V чакырылыштагы депутаты болуп шайланган. Жогорку Кеңештин Отун-энергетика комплекси жана кендерди пайдалануу боюнча комитетинин мүчөсү.
(68 жыл мурун)
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:
|