|
|
p
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384
Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
16-декабрь, 1939-жылы Медицина илимдеринин доктору, академик Миталип Мамытов туулган
Нейрохирург, медицина илимдеринин доктору, профессор, УИАнын мүчө-корреспонденти Миталип Мамытов Ноокат районуна караштуу Көк-Жар айылында туулган. Кызыл-Кыядагы медициналык окуу жайын жана Кыргыз мамлекеттик медициналык институтун артыкчылык дипломдору менен бүтүргөн. 1972-жылы Ленинградда кандидаттык, 1987-жылы Киевде докторлук диссертацияларын жактаган. Республикалык клиникалык ооруканада нейротравматология бөлүм башчысы, ассистенти, 12 жыл бою неврология жана нейрохирургия кафедрасынын доценти, профессору, 1999-жылдан ушул бөлүмдүн кафедра башчысы, 1997-жылдан ушул убакка чейин Кыргызмедакадемиясынын илимий жана дарылоо иштери боюнча проректору. Кыргыз республикасынын Эмгек синирген врачы, Эл аралык "Боорукер" наамынын ээси, Орусиянын нейрохирургдар ассоциациясынын Президиумунун ардактуу мүчөсү, Нью-Йорк илимдер академиясынын анык мүчөсү, "Алтын кылымдын" 100 асыл адамдарынын бири. 100дөн ашык илимий иштердин, 4 окуу куралынын, 3 ойлоп табуунун жана автордук күбөлүктүн, 4 рационалдык сунуштун автору. "Данк" медалы менен сыйланган. 2001-жылдан Бүткүл дүйнөлүк нейрохирургдар ассоциациясынын жетекчилер тобунун мүчөсү, ушул эле жылы Кембридждеги (Англия) эл аралык борбордун "Алтын медалына" татыктуу болгон.
(86 жыл мурун)
Комментарийлер(1)
Jeka
16.12.2014. 10:12
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Урматтуу Миталип Мамытович, мен сизди жердешиңиз катары эмес, дүйнөгө атагы чыккан кесипкөй нейрохирург, таланттуу жетекчи, мыкты адам катары 75 жаштык мааракеңиз менен чын жүрөктөн куттуктайм. Жараткан сизге дагы көп жылдык өмүр берсин! Сак саламат болуп, кыргыз элине дагы да кызмат кыла бериңиз. Бар болуңуз!
Jeka түзөттү 16.12.2014 10:12
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
|
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:
| ||