p Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

13-декабрь, 2013-жылы Мисирде соңку 122 жылдан бери боло элек суук катталган

 
Дүйнө
Мисирде соңку 122 жылдан бери боло элек суук катталганын чет элдик басма сөз каражаттары жазып чыгышкан. Негизи Мисирде ар дайым күн тийип, жылуулукту сүйгөн туристтердин эс алуучу аймактарынын бири. Ал жерде кышкысын ашып кетсе 3-4 ирет гана жамгыр жаап, калган убакта ар дайым күн тийип турат. Ал эми бул убакта Мисирде абанын температурасы -7 градуска дейре төмөндөп кеткен. Айрым райондорунда жана Каирде көнөктөп жааган жамгырдан улам автотыгындар көбөйүп, ал эми метеорологдор жергиликтүү тургундарга эшикке чыкпоосун эскертишкен. Эң оор кырдаал Мисирдин Жер Ортолук деңизине жакын жайгашкан аймактарда катталып, Шарм-эш-Шейхтеги порттор жабылган. Марс-Матрухеде балыкчылардын кемеси чөгүп, алардын баары куткаруучулардын жардамы аркылуу аман калышкан.
  (12 жыл мурун)
 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:

Окуялар:
9089;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: