|
|
p
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384
Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
16-декабрь, 2013-жылы Украиналык мушкер Виталий Кличко Дүйнө Чемпиону наамынан баш тарткан
Украиналык мушкер, "УДАР" партиясынын лидери Виталий Кличко WBC версиясы боюнча Дүйнө Чемпиону наамынан баш тарткан. Бүткүл дүйнөлүк бокс кеңешинин чечими боюнча Виталий Кличко аталган версия боюнча “Ардактуу чемпион” бойдон калган. Бул наам ага WBC версиясы боюнча жаңы чемпион менен беттеш өткөрүүгө шарт түзмөк. Бирок мушкердин көбүрөөк убактысын саясатка арнап, мекенинде болуп жаткан саясий окуяларга байланыштуу рингге кайтпаганын билдирген. Жана Виталий Кличко өзүнүн берген интервьюларында украинанын президенттигине барарын бир нече ирет кабарлаган. Профессионалдык рингде бир тууган Кличколордун улуусу 47 беттеш өткөрүп, 45 ирет жеңүүчү аталган.
(12 жыл мурун)
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:
| |