|
|
p
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384
Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
23-декабрь, 1905-жылы Пишпек, Верный жана Жаркент уезддерине күчөтүлгөн коргоо абалы киргизилген
Пишпек, Верный жана Жаркент уезддерине күчөтүлгөн коргоо абалы киргизилген. Себеби Орусиянын борборунда башталган 1905-жылкы революциялык кыймыл империянын тышкы аймактарына да таасир тийгизбей койгон эмес. Пишпек уездине 1905-жылдын октябрь айында келген түркстандык генерал-губернаторду уезддин тургундары менен кедей-дыйкандары өкмөткө каршы чакырыктар менен тосуп алышкан. Ушул эле жылдын ноябрь-декабрь айларында Жети-Суу областынын Пишпек, Верный жана Жаркент уезддеринде дыйкандардын козголушу байкалган.
"Русский Туркестан" гезити аймактагы абалды, туңгуюк кырдаал катары баалап, ал каалаган учурда козголоң чыгарарын белгилеген. Түркстан генерал-губернаторунун милдетин аткаруучу тарабынан Жети-Суу облусунун аталган облустарына киргизилген чукул кырдаал император Николай II тарабынан 1907-жылга чейин узартылган.
(120 жыл мурун)
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:
| |