p Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

23-декабрь, 2013-жылы советтик жана орусиялык конструктор Михаил Калашников каза болгон

Дүйнө
Советтик жана орусиялык конструктор Михаил Калашников 95 жаш курагында каза тапкан. Маалыматка ылайык, 17-ноябрда ал ашказандагы кан агуу диагнозу менен госпиталга жаткан. 
Михаил Калашников –  автоматтык атуучу курал системинин автору. Бул систем бүгүнкү күнгө чейин эң мыкты деп саналып келет. Калашниковдун 30 жылдан мурун айтылган "Эгер кимдир бирөө меникинен да сонун автомат ойлоп чыгарса, мен аны менен биринчи барып учурашам" деген сөзү канаттуу сѳзгѳ айланган.
Михаил Калашников өзүнүн белгилүү АК-47 автоматын 1947-жылы конструкциялаган. Азыркы учурда Калашников автоматтары 100дѳн ашык ѳлкѳлѳрдүн күч түзүмдөрүндө колдонулат жана 20-кылымдын эң кѳрүнүктүү ойлоп чыгарылган нерселеринин бири болуп саналып келет. Михаил Калашников кѳптѳгѳн автобиографиялык китептерди жазган жана карыган кезге чейин заводдогу башкы конструктор кызматында иштеген. Ал Орусия Баатыры жана эки ирет "Социалисттик Эмгек Баатыры" наамын алган жалгыз адам болуп саналат.
  (12 жыл мурун)
 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:

Окуялар:
9089;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: