|
|
p
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384
Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
23-декабрь, 2013-жылы Социалисттик Эмгектин Баатыры Керимбүбү Шопокова дүйнө салган
96 жаш курагында Социалисттик Эмгектин Баатыры Керимбүбү Шопокова дүйнө салган. Ал 1917-жылы Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Сокулук айылында туулган. Кыргыздар мурда өстүрүп көрбөгөн кант кызылчасын өстүрүп, 1941-жылы өзүнчө колхоздук бригада түзгөн. Ал эми кандуу согуштун каардуу жылдарында зор эмгек өтөгөн. Керимбүбү Шопокова башкарган бригада кант кызылчасынан жыл сайын жогорку түшүм жыйнап, өзүнүн кылган эмгеги менен 1946-жылы Ленин ордени, көп өтпөй Эмгек Кызыл Туу ордени менен сыйланган. 1957-жылы Хрущёв Кремлде Социалисттик Эмгектин Баатырынын алтын жылдызын тапшырган, ал эми 1997-жылы 2-даражадагы "Манас" ордени менен сыйланган. Керимбүбү Шопокова Советтер Союзунун Баатыры Дүйшөнкул Шопоковдун жубайы болгон.
(12 жыл мурун)
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:
| |