p Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

23-декабрь, 2013-жылы “Форбс” журналынын эсеби боюнча, 2013-жылдын эң ийгиликтүү адамы деп 80 жаштагы америкалык миллиардер Шелдон Аделсон табылган

Дүйнө
“Форбс” журналынын эсеби боюнча, 2013-жылы эң көп акча иштеп тапкан адам 80 жаштагы америкалык миллиардер Шелдон Аделсон болуп чыккан. 2013-жылы анын кирешеси 15 миллиард долларга көбөйгөн. Лас-Вегастагы жана Сингапурдагы казинолор жана отелдер тармагынын ээси Шелдондун бир күндүк кирешеси 41 миллион доллар чамасында болгон. Анын байлыгы жалпысынан 37 миллиард доллар деп бааланган.
Рейтингдин экинчи орунуна болсо Facebook социалдык тармагынын түзүүчүсү, 29 жаштагы Марк Цукерберг жайгашкан. 2013-жылы анын капиталы 13,6 миллиард долларга көбөйүп, жалпы капиталы 25,8 миллиард долларга барабар болгон. 
Үчүнчү орунду дүйнөдөгү эң ири Amazon онлайн-ритейлеринин негиздөөчүсү жана аткаруучу директору, 49 жаштагы Жефф Безос ээлеген. 2013-жылы ал 13,3 миллиард доллар киреше тапкан.
  (12 жыл мурун)
 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:

Окуялар:
9089;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: