p

27-июнь, 1951-жылы Кыргыз өлкөсүнүн тарыхында биринчи жолу эң жаш окумуштуу Салмоорбек Табышалиев тарых илимдеринин кандидаттык даражасын алган

 
Кыргызстан
Кыргыз өлкөсүнүн тарыхында биринчи жолу эң жаш окумуштуу тарых илимдеринин кандидаттык даражасын алган. 23 жаштагы Салмоорбек Табышалиев "Улуу ата мекендик согуш маалындагы Кыргызстан лениндик-сталинчи комсомолунун ишмердиги" аттуу илимий темада жазылган диссертацияны ийгиликтүү коргогон. 
Салмоорбек Табышалиев 1928-жылы 15-мартта Кыргызстандын Чүй өрөөнүндөгү Сокулук районуна караштуу Кызыл-Туу айылында туулган.
1946-жылы Кыргызстан мамлекеттик педагогикалык институтун бүткөндөн кийин, анда окутуучу (1950-1951), 1952-1953-жылдары Кыргызстан КП БКга караштуу Партия тарыхы институтунун директоруна орун басар жана сектор башчы, 1952-1954-жылдары Кыргызстан ЛКЖС БКнын катчысы болуп иштеген.
1954-1956-жылдары Кыргызстан ИАнын Тарых институтунун директору, 1956-1960-жылдары Кыргызстан БКнын бөлүм башчысы, партиянын 1-Май райкомунун 1-катчысы, Кыргызстан КП БКга караштуу Партия тарыхы институтунун директору болгон.
1960-1976-жылдары КМУнун (азыркы Жусуп Баласагын атныдагы Кыргыз улуттук университетинин) ректору болгон.
4.7.1975 - 27.3.1980 - Кыргыз ССР Жогорку Кеңешинин төрагасы болгон.
1976-1983-жылдары Кыргызстан ИАнын вице-президенти жана коомдук илимдер бөлүмүнүн төрагасы.
1983-1992-жылдары КР УИАсынын Тарых институтунда бөлүм башчы, директору болгон.
1992-жылдан ушул эле институттун дирекциясынын кеңешчиси.
Салмоорбек Табышалиев 1993-жылы дүйнөдөн кайткан. Сөөгү Бишкектеги "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлган.
  (74 жыл мурун)
 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:

Окуялар:
9089;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: