p

4-июль, 1986-жылы Кайрадан реконструкцияланган Нью-Йорктогу "Эркиндик" айкели ачылган

Дүйнө
АКШ президенти Рональд Рейган Франция президенти Франсуа Миттеран менен бирдикте кайрадан реконструкцияланган Нью-Йорктогу "Эркиндик" айкелин ачкан.
Нью-Йоркто "Эркиндик" статуясынын расмий ачылышы 1886-жылы 28-октябрда болгон.
АКШнын, ошондой эле эркиндиктин жана демократиянын символу деп аталган "Эркиндик" статуясы 1876-жылы АКШнын кѳз карандысыздыгына карата кабыл алынган Декларациянын жүз жылдык мааракесине карата Франция элинен белек катары жасалган. Эркиндик статуясынын салтанаттуу ачылышы мааракеден 10 жыл өткөндөн кийин болгон. Ал толук "Тынчтыкка жарык чачуучу Эркиндик" деп аталат.
Статуяны француз скульптору Фредерик Огюст Бартольди жана инженер Гюстав Эйфель жасаган. Аны Франциядан Америкага жеткирүү үчүн 350 бѳлүккѳ бѳлүп, 214 жашикке салышкан. Статуянын бийиктиги факелдин учунан пьедесталдын түбүнѳ чейин 93 метр, статуянын ѳзүнүн бийиктиги пьедесталга чейин 46 метр. Статуя куюлган жездин салмагы 31 тонна, ал эми болот конструкциясынын салмагы 125 тоннаны түзгѳн. Ачылган күндѳн баштап бир канча жылга чейин статуя маяк катары пайдаланылган.
  (39 жыл мурун)
 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:

Окуялар:
9089;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: