|
|
p
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384
Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
23-декабрь, 1967-жылы италиялык жана франциялык модель, композитор, ырчы, Франциянын экс-канайымы Карла Бруни туулган
Италиялык жана франциялык модель, композитор, ырчы, Франциянын экс-канайымы Карла Бруни Италиянын Турин шаарында чыгармачыл адамдардын үй-бүлөсүндө туулган. Карла Бруни 5 жашынан тартып Францияда жашап, Швейцариядагы эң мыкты мектепте билим алган. Фотомоделдик карьерасын 19 жашында баштап, дүйнөдөгү эң көп акча төлөнгөн моделдердин катарына кирген. Белгилей кетсек, 1994-1995-жылдары ал 7,5 миллион доллар гонорар алган. 29 жашында подиумду таштап, ырчы катары жолун улаган.2003-жылы "Кимдир бирөө мага айткан" деген алгачкы ыр жыйнагын чыгарып, ал ырчыга атактуулук жана ийгилик алып келген. 2004-жылы Карла Бруни "Жылдын мыкты ырчысы" наамын алган. Ырчы жана модель катары таанылган К.Бруни "Папарацци", "Париждеги түн ортосу" жана башка 15 фильмде тартылып, өзүн актриса катары дагы сынап көргөн. 2007-жылы Карла Бруни ошол кездеги Франциянын президенти Николя Саркози менен таанышып, 2008-жылы 2-февралда экөө расмий түрдө үйлөнүшкөн. 2011-жылы алар Жулия аттуу кыздуу болушкан. (58 жыл мурун)Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:
| |