|
|
p
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384
Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
18-декабрь, 1951-жылы V чакырылыштагы “Ата Мекен” фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Асия Сасыкбаева туулган
V чакырылыштагы “Ата Мекен” фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Асия Сасыкбаева Нарын шаарында туулган. Жогорку билимдүү. 1974-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин чет тилдер факультетин "англис тилин окутуучу" адистиги боюнча бүтүргөн. Эмгек жолун 1975-жылы Ленинград шаарындагы Салтыков-Щедрин атындагы китепкананын техникалык бөлүмүндө китепканачы болуу менен баштаган. 1983-жылдан 1991-жылга чейин Бишкек шаарындагы №37-орто мектепте иштеген. 1991-1994-жылдары - Бишкек шаарындагы №47-мектептин директору; 1999-жылдан 2001-жылга чейин - "Сорос-Кыргызстан" фондунун Директорлор кеңешинин төрайымы; 2002-2003-жылдары - "Сорос-Кыргызстан" фондунун Директорлор кеңешинин мүчөсү; 1993-жылдан 2010-жылга чейин - «Интербилим» Эл аралык борборунун директорунун кызмат ордун ээлеген; 2010-жылдын октябры - "Ата Мекен" социалисттик партиясынын тизмеси боюнча V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына шайланган. "Ата Мекен" фракциясынан Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары, Жогорку Кеңештин регламенти жана депутаттык этика боюнча комитеттин мүчөсү болгон. Даңк ордени (2011-ж.), Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы (2012-ж.) менен сыйланган.
(74 жыл мурун)
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:
| |