|
|
p
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384
Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
13-декабрь, 1971-жылы Москвада "Ийгиликтин мырзалары" кинокомедиясынын бет ачары болгон
Москвада "Ийгиликтин мырзалары" кинокомедиясынын бет ачары болгон. Режиссёр Александр Серыйдын Георгий Данелия жана Виктория Токарёванын сценарийинин негизинде тарткан "Ийгиликтин мырзалары" ("Джентльмены удачи") тасмасынын бет ачары өткөн.
Тасмада башкы ролдорду советтик кино жылдыздары - Евгений Леонов (Доцент-Евгений Трошкин), Георгий Вицин (Хмырь), Савелий Крамаров (Косой), Раднэр Муратов (Василий Алибабаевич) жана башкалар ойношкон. Кинокомедия прокатка чыккандан кийин бир жыл ичинде 65 миллион көрүүчүгө көрсөтүлүп, 30 миллион рубль чогулткан.
(54 жыл мурун)
Фильмде айтылган көптөгөн фразалар адамдардын жашоосунда колдонгон учкул сөздөрүнө айланган. Алсак, "Эй, гражданина, ты туда не ходи, ты сюда ходи, а то снег в башка попадёт, совсем мёртвый будешь!", "женские туфли хочу, 3 штуки, размер 42, 43, 45", "Кушать подано, садитесь жрать, пожалуйста!" деген учкул сөздөр дал ушул тасмага таандык. Башында түрмөдөгү сөздөр колдонулган деген себеп менен тасма жарыкка чыкпай калуу коркунучуна кабылган. Бирок комедияны ошол кездеги өлкө башчысы Леонид Брежнев менен ИИМдин жетекчиси өздөрү көрүп чыгышып, тасмага жол ачып беришкен. Күбөлөрдүн айтуусу боюнча, алар фильмдин аягына чейин боорлору эзилгенче күлүшкөн. Тасмада Алибабаевичтин апасы менен үйү Казакстандын Жамбыл (азыркы Тараз) шаарында экени айтылат. Жамбыл шаарынын аты аталганы үчүн эле бул шаарда төрт мырзага эстелик тургузулган. Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:
| |