p Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

23-декабрь, 1941-жылы Кыргыз Эл жазуучусу Казат Акматов төрөлгөн

Кыргызстан
Кыргыз Эл жазуучусу Казат Акматов Ысык-Көл районундагы Бостери айылында туулган. 1966-жылы Москвадагы Жогорку комсомол мектебин, 1967-жылы Кыргыз Мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. Эмгек жолун 1954-жылы Ысык-Көл районундагы №54 жылкы заводунда жумушчу болуп иштөөдөн баштаган. 1972-жылы "Кыргызстан" басмаканасына башкы редактордун жардамчысы болуп жумушка орношкон. Ал эми 1983-1986-жылдары Кыргыз мамлекеттик телерадио комитетинин улук редактору, 1986-1990-жылдары Кыргызстан жазуучулар союзунун башкармасынын катчысы, 1990-жылы Кыргызстан демократиялык кыймылынын (КДК) уюштуруучусу болгон. 1990-1995-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган. Казат Акматовдун аңгемелеринин алгачкы жыйнагы 1974-жылы "Боз улан" деген аталыш менен жарык көргөн. Жазуучу мындан тышкары "Ыйык журт" "Мезгил, "Мунабия", "Күндү айланган жылдар" жана башка роман, повесть, аңгемелер жыйнактарынын автору. Бир нече чыгармалары сахналаштырылган. 2013-жылы Улуу Британиянын борбору Лондон шаарында "Эрика Клаустун 13 кадамы" деген чыгармасы англис тилинде жарык көргөн. Жазуучунун акыркы чыгармасы "Архат" романы болуп эсептелет. Казат Акматов "Манас-1000" юбилейлик медалы менен сыйланган. Ошондой эле ал Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, Бүткүл союздук Николай Островский атындагы адабият сыйлыгынын ээси. Казат Акматов 2015-жылы 14-сентябрда узакка созулган оорудан улам каза болгон.  (84 жыл мурун)
 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:

Окуялар:
9089;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: