p

20-август, 1916-жылы падышалык бийликке каршы көтөрүлгөн кыргыздардын чакан колу Чүй суусун бойлоп Токмок шаарына кирген

 
Кыргызстан
Бийликке каршы көтөрүлгөн кыргыздардын чакан колу Чүй суусун бойлой Токмок шаарына кирген. Казак орустардын аскер взводу аларды астынан тосуп, шаардын чет жакасына сүрүп чыгарган. Шаардын айрым жерлеринде жөө аскерлер менен пулемёттук күчтөр колдонулган. Кыргыздардын айрым бөлүктөрү Соловьевканын башкы көчөсүнө чыгышкан. Күбө катары тартылган айрым адамдардын көрсөтмөсүнө караганда, кыргыз колу кеминде 3000 кишиге жеткен.
Токмок шаарына казак орустар менен пулемётчулардын командасы киргизилгенден тарта кыргыздардын кол салуусу Покровка кыштагына ооп, ал туруктуу мүнөз ала баштаган. Чабуул койгондор кыштактын түндүк тарабындагы саздак аймактан чабуул жасашып, орус дыйкандары Покровканын көчө башына баррикадаларды курууга киришкен.
  (109 жыл мурун)
 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:

Окуялар:
9089;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: