|
p
20-август, 1932-жылы жазуучу жана котормочу Бакай Сексенбаев туулган![]()
Жазуучу жана котормочу Бакай Сексенбаев Чүй районуна караштуу Бурана айылында туулган. Ал 1949-жылы орто мектепти, 1962-жылы болсо КМУнун филология факультетин бүтүргөн.
Эмгек жолун 1949-жылы Чүй райондук "Шамси" совхозундагы жети жылдык мектепте мугалим болуп иштөө менен баштаган. Ал эми 1954-1957-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн. 1962-1967-жылдары болсо "Советтик Кыргызстан" гезитинин редакциясында адабий кызматкер, 1971-1981-жылдары "Кыргызстан" басмасында бөлүм башчы, 1981-жылдан Кыргызстан КП БКнын алдындагы Партиянын тарыхы институтунун башкы редакциясында жооптуу катчы болуп иштеген. Бакай Сексенбаевдин биринчи "Чындык жана легенда" аттуу очерктер жыйнагы 1970-жылы жарык көргөн. Жазуучунун чыгармачылыгындагы маанилүү орунду көркөм котормо ээлеген. Ал тарабынан С.Залыгиндин "Солёная пядь", А.Чаковскийдин "Победа" романдары, В.Лацистин "Земля и море", С.Шакибаевдин "Падение большого Туркестана" повесттери ж.б. чыгармалар кыргыз тилине которулган. Бакай Сексенбаев 1980-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү. Ал Кыргыз ССР Жогорку Советинин грамотасы менен сыйланган. Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:
|