|
p
1-сентябрь, 2017-жылы Ырчы Элмира Кайып кызы каза болгон![]()
Элмира Кайып кызы дем алуусу кыйындап, инфаркттан улам дүйнө салган. Ал 1975-жылы 4-январь күнү Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районундагы Ак-Терек айылында туулган. Т.Сатылганов атындагы эстрадалык студияны жана Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтун аяктаган.
Алгач Р.Абдыкадыровдун "Ак куулар сени сагынар" деген ыры менен К.Орозов атындагы оркестрдин коштоосунда сахнага чыккан. Эстрадада Шамшыбек Өтөбаевдин "Калды эсимде" деген ыры менен таанылган. Элмира Кайып кызынын аткаруусундагы "Булбулум" аттуу чыгарма элге кеңири тараган. Ырчы акыркы мезгилдерде Мамлекеттик чек ара кызматынын ыр жана бий ансамблинин насаатчысы болуп иштеп келген. (8 жыл мурун)Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:
|