p

20-август, 1963-жылы Жогорку Кеңештин депутаты Гүлнара-Клара Самат төрөлгөн

Кыргызстан
Жогорку Кеңештин депутаты Гүлнара-Клара Самат 1963-жылы 20-августа Жалал-Абад облусундагы Таш-Көмүр шаарында туулган. Жогорку билимдүү. Саясий илимдердин кандидаты. Эмгек жолун 1986-жылы Таш-Көмүр шаарындагы № 7 мектепте орус тили жана адабияты мугалими болуп баштаган. 1987-1991-жылдары кесиптик техникалык училищесинде баштапкы комсомол уюмунун катчысы; 1995-2001-жылдары КМШ өлкөлөрү башкармалыгынын III катчысынын, андан соң мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча сүйлөшүүлөр тобунун II катчысынын, Кыргыз Республикасынын Беларусь Республикасындагы элчилигинин II катчысынын, кийинчерээк I катчысынын стратегиялык жана укуктук көйгөйлөрдүн эл аралык коопсуздугу башкы башкармалыгынын эл аралык коопсуздук бөлүмүнүн кеңешчисинин кызмат орундарын ээлеген. 2001-жылдан тартып 2005-жылдын апрелине чейин КМШнын экономикалык маселелер боюнча комиссияда Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн консультанты болуп саналган. 2005-2006-жылдары Кыргыз өлкөсүндөгү Орусиянын элчилигинин кеңешчисинин кызматын ээлеген. 2006-жылы президенттин басма сөз катчысы болуп дайындалган. 2006-2007-жылдарга чейин президенттин алдындагы Стратегиялык изилдөөлөр эл аралык институтунун директору. 2007-2008-жылдары Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы болгон. 2018-жылдын май айынан тартып Жогорку Кеңешинин депутаты.  (62 жыл мурун)
 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:

Окуялар:
9089;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: