|
|
p
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384
Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
12-декабрь, 1972-жылы Экономика министри Санжар Муканбетов туулган
Санжар Муканбетов Бишкек шаарында туулган. 1989-жылы Фрунзедеги №67 мектепти аяктаган. Жогорку билимди Кыргыз техникалык университетинде алып (1994), "радиоинженер" кесибине ээ болгон. 2003-жылы Кыргыз Улуттук университетин бүтүрүп "экономист" адистигин алат. Үй-бүлөлүү, 4 баланын атасы.
Эмгек жолу:
1994–1995 — "Жанар" акционердик коомунда инженер-конструктор ;
1995–1996 —"Дастан" ишканасында инженер;
1996–1998 — Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлк фондунун алдындагы техникалык кызматташтык агенттигинде биринчи категориядагы адис
1998–1999 — Чет өлкөлүк инвестициялар жана экономикалык өнүгүү мамлекеттик агенттигинде башкы адис.
1999–2001 — Чет өлкөлүк инвестициялар жана экономикалык өнүгүү мамлекеттик агенттигинде бөлүм башчы .
2001–2002 — Финансы министрлигинде мамлекеттик инвестициялар программалар башкармалыгынын башчысынын орун басары.
2002–2007 — Финансы министрлигинде мамлекеттик инвестициялар саясаты башкармалыгынын башчысы.
2007–2009 — Экономикалык өнүгүү жана соода министринин орун басары.
2010–2014 — экономика министринин орун басары;
2014-жылдын октябрь айынан тартып Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын башчысы.
2018-жылдын январь-апрель айларында вице-премьер-министр болот.
2018-жылдын 27-апрелинде кайра Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын башчысы болуп дайындалат. 2019-жылы май айында экономика министри болуп дайындалган.
(53 жыл мурун)
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:
| |