|
p
10-октябрь, 2000-жылы Шри-Ланканын саясий жана мамлекеттик ишмери Сиримаво Бандаранаике көз жумган![]()
Аялдан чыккан биринчи премьер-министр, 3 жолу Шри-Ланканын өкмөт башында турган Сиримаво Бандаранаике 84 жашында Коломбодо каза болгон.
Шри-Ланканын саясий жана мамлекеттик ишмери Бандаранаике Сиримаво 1916-жылы 17-апрелде Шри-Ланканын Балангод деген жеринде туулган. Жолдошу Соломон Бандаранаикени реакционерлер өлтүргөн соң (1959) ал уюштуруп кеткен Цейлондун боштондук партиясынын жетекчилеринин бири болуп калган. 1960-1965-жылдары Цейлондун премьер-министри болуп иштеген. 1970-жылы Бандаранаике Сиримаво өкмөт башына кайрадан келип, 1977-жылга чейин отурган.
(25 жыл мурун)
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:
|