p Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

12-декабрь, 1928-жылы кыргыз адабиятынын сыймыгы жана дүйнөлүк масштабдагы жазуучу Чыңгыз Айтматов туулган

Кыргызстан
Чыңгыз Төрөкулович Айтматов - кыргыз жана орус тилдеринде жазган советтик жана постсоветтик жазуучу, Кыргыз ССРнин Эл жазуучусу (1974), Социалисттик Эмгектин Баатыры (1978), Кыргыз Эл Баатыры.
Чыңгыз Айтматов Талас облусунун Киров районуна караштуу Шекер айылында мамлекеттик кызматкердин үй-бүлөсүндө туулган. Ал кезде Шекер айылы СССРдин РСФСРинин Кыргыз АССРинин Талас кантонунда болчу.
Атасы Төрөкул Айтматов КПССтин Кыргыз обкомунун катчысы болгон. Ал 1937-жылы репрессияланып, 1938-жылы жазыксыз жерден "пантүркист" катары атылып кеткен. Эл ичинде кадыр-барктуу, көрүнүктүү адамдардан болгон. Апасы Нагима Хамзаевна Айтматова - теги боюнча караколдук татар. Жергиликтүү театрда актриса болгон. Билимдүү, эл оозуна алынган, акылдуу аялдардан болгон. Анын атасы Хамза Каракол шаарындагы бай жана интеллектуал татарлардан болгон.
1942-жылы II Дүйнөлүк согуштун кесепетинен Чыңгыз Айтматовго мектепти убактылуу таштоого туура келет. Ал убакта Айтматов 14 жашта эле. Шекер эли аны сабаттуу болгондуктан, айыл өкмөтүнүн катчысы кылып шайлап коёт. Ошол кезде жаштардын арасында кириллче кат тааныган улан-кыздар саналуу гана эле (калгандары кыргыздын арабча же латынча жазмаларын билишкен). Жаш Чыңгыздын башына кыйынчылыктар түшөт, бирок ал баарына чыдамкайлык менен туруштук бере алган. Андан кийин ошол эле согуш жылдарында райондук салык чогултуучу болуп иштейт. Айыл калкынан салык чогултат. Согуш маалында ага салык чогултуу оңойго турган эмес. Бир жылдан кийин, 1944-жылы август айында бул ишин өз эрки менен таштайт да, тракторлук бригаданын эсепчиси болуп иштейт.
1946-жылы, 8-классты аяктагандан кийин Жамбылдагы Зооветеринардык техникумга окууга өтөт.
1948-жылы техникумду мыкты аяктап бүтүргөндөн кийин Кыргыз айыл чарба институтуна окууга кирет. Аны дагы 1953-жылы мыкты аяктайт.
1990-жылдардан баштап СССРдин жана Кыргыз Республикасынын дипломатиялык миссияларын башкарган.
2008-жылы 16-майда Татарстанда сапарда жүргөн чагында бөйрөгүнүн иштебей калганына байланыштуу жазуучу Германиянын Нюрнберг шаарынын ооруканаларынын бирине жеткирилет. Ал жакта 2008-жылдын 10-июнунда пневмония оорусунун кесепетинен жазуучу көз жумган.
  (97 жыл мурун)
 
Комментарийлер(1)
12.12.2015. 00:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыздын генийи. Чынгыз дегенде кыргызды тааныйт буткул эл. Биз учун сиз тируусуз. Кылымдар бою жашай бересиз. Туулган кунунуз менен!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:

Окуялар:
9089;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: