|
|
p
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384
Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
16-декабрь, 1997-жылы Япониялык "Покемон" мультфильмин телеканалдардан көрсөтүү учурунда бир маалда 685 баланын талмасы кармап, ооруканага жеткирилген
Япониялык "Покемон" мультфильминин 38-сериясы эң популярдуу болгон. Аны Япониядагы телеканалдардан көрсөтүү учурунда бир маалда 3 жаштан жогору жаштагы 685 баланын талмасы (эпилепсия) кармап, ооруканага жеткирилген. Ал окуя коомдо "Покемондордон шок" деген аталышка ээ болгон. Бул окуядан соң бул мультфильмди көрсөтүүгө тыюу салынып, бирок 1998-жылы 16-апрелде көрүүчүлөрдүн суранычы боюнча кайрадан көрсөтүлө баштаган.
38-сериянын сюжети боюнча, мультфильмдин каармандары компьютердин ичине киришип, коркунучтуу жандыктар-вирустар менен согушушат. Башкы каарман Пикачу электрдик жардыруу жасап, андан чыккан жаркыроодон улам мультфильмди көрүп жаткан балдардын баштары ооруп, көрүүсү начарлап, эпилепсиянын ар кандай белгилери байкалган.
(28 жыл мурун)
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:
| |